Исманкулов Бейшеналиевге карата доо арызын кайтарып алды

«Көз микрохирургиясы» жеке клиникасынын жетекчиси, коррупцияга шектелген Алмазбек Исманкулов мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата доо арызын кайтарып алды. Бул тууралуу Бейшеналиевдин адвокаты Кайсын Абакиров билдирди

Исманкулов доо арызынан баш тарткандыктан 10-мартта Бишкектин Ленин райондук соту жарандык ишти токтотту.

Исманкулов 2022-жылы ошол кездеги Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бйшеналиев анын беделине туура келбеген сөздөрдү айтканы үчүн ар-намыс, кадыр баркын жана ишкердик беделин коргоо боюнча арыз жазып, 1 млн сом кенемте талап кылган.

Ошол жылы 10-мартта министр Бейшеналиев Исманкуловдун клиникасына барып аны «лопух» деп атап, клиниканы бошотуп коюуну талап кылган. Буга Бишкек мэриясынын Исманкуловдун менчик медициналык борбору менен ижара келишимин жокко чыгарганы себеп болгон. 29-мартта оорукананын кире бериши тосулуп, оңдоо иштери башталганы айтылган.

Былтыр 10-февралда Башкы прокуратура Алмазбек Исманкулов жана Бишкек шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон. Мекеме «Алар Бишкек шаарынын №6 клиникалык ооруканасынын 2-корпусу жеке жактарга ижарага берүүгө тыюу салынганына жана ооруканаларда орундардын жетишсиз экенине карабай, ижара акысын атайылап азайтуу менен мыйзамсыз ижарага беришкен» деп белгилеген. Аткаминерлердин мыйзамсыз аракетинен улам мамлекетке 93 млн 162 миң 576 сом зыян келтирилгени аныкталган.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1462 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*