Кара-Сууда такси айдоочусун тоноого шектүү кармалды

Кара-Сууда такси айдоочусун тоноого шектелип 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. 

Маалыматка караганда окуя 25-январга караган таңда саат 05:00 чамасында болгон. Шектүү такси чакырып, айдоочу дарекке барганда анын денесине жараат келтирип, 10 миң сом акчасын жана кышкы курткасын тартып алган. Кийин жабырлануучунун арызы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин тоноо беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Милиция шектүүнү 9-мартта кармаган. Сот анын баш коргоо чарасын карап, 30-апрелге чейин камакта калтырды.

Шектүү Баткен облусунун тургуну экени жана буга чейин бир нече жолу соттолгону аныкталган.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1462 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*