
Жалал-Абад шаарындагы 49 жылга ижарага берилген эс алуу багы кароосуз турат. Мындан улам мэрия аны өзүнүн балансына кайтарууну көздөп жатат. Ал эми ижарага алган тарап бактын жашылдандырылбай калганына муниципалитетти күнөөлөөдө.
Калаадагы каралбай калган эс алуу багы «Экопарк» деп аталат. 2008-жылы анын орду таштандыдан тазаланып, жарандарга эс алуучу жай болсун деп бак отургузулган. Ошол эле жылы бул жай Жусупбек Бакиев фондуна ижарага берилип, 2010-жылы мэриянын балансына өткөн. Алты жылдан кийин эс алуу багы кайрадан Жусупбек Бакиев фондуна өткөрүп берилген. Учурда эс алуу багында дарактар куурап, жаңысы отургузулбай аянычтуу абалда турат.
«Азыркы абалын көрүп турасыздар. Өтө аянычтуу.Кыйылган дүмүрлөр турат. Таштанды, малдын сөөгү турат. Муну көргөндө биздин жүрөгүбүз зыркырады. Мындай мамиле болбошу керек эле. Жалал-Абаддын көркү болуп, эл эс ала турган жай болсун деп пландаган элек» — дейт эс алуу жайын түптөөгө салым кошкондордун бири, эколог Абдималик Элеманов.
Келишим боюнча паркты жашылдандырууга ижарага алган тарап милдеттендирилген. Бирок алар бактын азыркы абалга келишине эс алуу жайы муниципалитеттин көзөмөлүндө турган алты жыл аралыгында андагы көчөттөрдүн көпчүлүгү жок кылынганы себеп экенин айтууда. Андан кийин соттук териштирүүлөрдөн улам иштер токтоп калганын билдирди.
«2010-жылдын июль айында мэрияга өткөрүп бергенмин. 2016-жылы кайра кайтарылганда өткөрүп берген көчөттөрдүн 17%ын кабыл алдым. Биз тосмолорду кылып, көң төккөнгө көп суммада каражат кеткен. Айына 17-20 миң болуп кеткен скважинанын акчасын төлөп жаттык. Бул жерде экопарк күнөөлүүбү же мэрия күнөөлүүбү мыйзам чегинде карап койсо болот» — дейт Ж.Бакиев атындагы экопарктын жетекчиси Сабыржан Маматалив.
Учурда шаар бийлиги келишимдер аткарылбагандыктан аны бир тараптуу үзүп, эс алуу багын кайрадан өз балансына которууну пландап жатат.
«Келишим бүгүнкү күндө күчүндө. Анын шарттары аткарылбагандыктан, келишимди бузуу маселеси каралып жатат. Келишим бир тараптуу бузулгандан кийин жашылданыруу чарбасы 3 миң көчөт отургузат» — деди Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Жолдубай Боркулов.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аталган парктын жетекчилигине оңдоп түзөө жана бак-дарактары олтургузуу үчүн эскертүүлөр берилгенин, бирок талаптар аткарылбаганын билдирди. Учурда эс алуу багында көчөктөрдүн айрымдары гана калган. Көпчүлүгү кароосуз калгандыктан соолуп, айрымдары паркта чыккан өрттөн улам күйүп кеткен.
Автор: Дастан Осмонов, Наргиза Анарбай кызы
Оставьте первый комментарий