Кербендеги оорукананын күйүп кеткен чатырын алмаштырууга 6 млн сом бөлүндү

Сүрөт: Саламаттыкты сактоо министрлиги

Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кербен шаарында оорукананын имаратынын чатырын тез арада алмаштырууга 6 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигин  басма сөз өкүлү Жылдыз Айгерчинова «Т-Медиага» билдирди.

Аксы районудагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун жетекчиси Медербек Осмоновдун айтымында, Кербендеги ооруканадан чыккан өрттөн имараттын чатыры толугу менен күйүп кеткен. Тилсиз жоо имараттын ичине жеткен эмес, бүгүнкү күндө тазалоо иштери жүрүп, жабдыктар орнотулуп жатат. Келтирилген материалдык чыгым такталууда.

Кырсык болгон аймакка барган саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова Жалал-Абад облусундагы ооруканаларда өрт коопсуздугун көзөмөлдөөнү күчөтүүнү тапшырды.

«Кудайга шүгүр, кечээ бейтаптар өз убагында эвакуацияланды, жабыркагандар жок. Реанимациялык жана башка жабдыктарды алып чыгууга жетиштик», — деген министр.

13-мартта Кербен шаарындагы оорукананын имаратынан чыккан өрт түшкө жуук толук өчүрүлгөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 72 бейтап эвакуацияланганын, эч ким жабыркабаганын билдирди. Өрткө эмне себеп болгону такталууда. Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруканадан 134 коопсуз жерге чыгарылганын, министр аймакка кеткенин кабарлаган.

Автор Т-медиа 11883 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*