
Бишкек шаардык кеңешинин, каржы башкармалыгы жана мэриянын айрым жооптуу адамдарына шаардык прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иши боюнча Бишкек мэриясы жооп кайтарды.
Буга чейин прокуратура мэрияда Бишкек шаардык кеңешинин токтомдору менен кызматкерлерге ашыкча маяна бөлүнүп, 781 млн 397 миң сомдун мыйзамсыз чыгымдалышына жол берилгенин билдирген.
Калаа жетекчилиги маянанын баардыгы мыйзамдуу түрдө берилгенин белгилеп жатат. Муниципалитеттин маалыматында мэриядагы эмгек акынын аздыгына байланыштуу, коррупциялык тобокелдиктерди жоюу жана кызматкерлерди стимулдаштыруу максатында өкмөттүн 2017-жылдагы атайын токтомунун негизинде 2019-жылдын 1-мартынан тартып, эмгек акысына жана жооптуу иштерди аткарган кызматкерлерге кошумча акылар төлөнгөн.
Эки жылдан кийин Башкы прокуратура Бишкек шаардык кеңешинин ошол кездеги төрагасына жана мэриянын бир катар аткаминерлерине иш козгогон. Ал мезгилде шаардык кеңешти Жогорку Кеңештин азыркы депутаты Жаныбек Абиров жетектеген.
Бирок Бишкек мэриясы аталган иш аягына чыкпай калгандыгын да билдирди.
2022-жылдын февралында прокуратура мэрия 2022-жылга бюджетинде жергиликтүү бийлик органынын кызматкерлеринин эмгек акысына 2021-жылдын деңгээлинде кошумчаларды бекитүүгө жол берилбестигин эскерткен.
Ал эми өткөн жылдын 22-мартында министрлер кабинетинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине төлөм системасын өркүндөтүү боюнча токтом кабыл алынып, анын негизинде шаардык кеңеш кошумча төлөмдөрдү бекиткен. Мэрия жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын токтому да юридикалык документ болуп саналарын, анын Бишкекте күчү бар экендигин белгилеген.
Оставьте первый комментарий