
Султан Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрынын автогаражына бөлүнгөн жердин бир чети жеке тарапка мыйзамсыз өтүп кеткен. Аны мамлекетке кайтарып алуу боюнча сот процесси 15 жылдан бери аяктай элек.
Мындан дээрлик 40 жыл мурун Оштогу драма театрынын унаа гаражы үчүн деп Закиров көчөсүнөн 13 сотых жер бөлүнгөн. Мыйзам боюнча ал мамлекеттин мүлкү жана жеке тараптарга сатылбашы керек. Ага карабай 2008-жылы театр жетекчилиги жердин 3 сотыхын Хатам Абдрахимов аттуу жаранга бөлүп берүүгө келишим түзгөн.
Театрдын юристинин айтымында Абдрахимов тилке үчүн автоунаасын бермей болгон. Ош шаардык соту эки тараптын келишимине ылайык жерге мамлекеттик акт жасоого уруксат берген. Бирок кийин Абдрахимов убадалаган автоунаасын бербей, театр жетекчилиги келишимди жокко чыгаруу боюнча сотко кайрылган. Юристтин маалыматында 2009-жылы облустук сот аныктаманы жокко чыгарып берген. Бирок Абдрахимов ага чейин эле тилкени башка тараптарга сатып жиберүүгө үлгүргөн.
«Маданият жөнүндө мыйзамдын 34-беренесинде так даана мамлекеттик муниципалдык жерлер менчиктештирүүгө жатпайт деп көрсөтүлгөн. Бирок мыйзамга сот тарабынан да убагында театрда иштеген жетекчилер тарабынан да көңүл бурулган эмес. Мыйзамсыз аныктама чыккан. Ал аныктаманы да Хатам Абдрахимов аткарган эмес. Мындан улам, 2008-жылы 3-февралындагы аныктама жокко чыккан. Бирок ага чейин Абдрахимов жерди башка бирөөгө сатып жиберген. Ошол адам ак ниеттүү сатып алуучу катары анын атына кызыл китеп жасалып калган. Андан кийин ал адам жерди бир нече жаранга саткан.»- деди С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын юристи Мирлан Досматов.
Жер Абдрахимовдон башка жарандардын менчигине өтүп калгандыктан 2011-жылы кайрадан доо арыз келтирилген. Ал жарандар тилкенин жеке тараптын колунан алгандыктан акниеттүү сатып алуучулар болуп эсептелип, башкача айтканда тилкенин мамлекеттин менчиги экенин билишкен эмес деген жүйө менен сот иши уланып келет.
Биздин редакция келишимди аткарбай, жерди сатып жиберген делген Хатам Абдрахимов аттуу жарандан маалымат алууга аракет кылды. Бирок ал өлкө аймагында эмес экени айтылып, байланышка чыгууга мүмкүн болгон жок.
Бул иш боюнча театр жетекчилиги Ош облустук прокуратурасына кайрылган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
Оставьте первый комментарий