
Президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигинин жетекчилигине өлкө боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлердин ишине көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу 14-мартта президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.
«Бул чечим жол кыймылы эрежелерин бузуунун айрым түрлөрү үчүн айып пул өлчөмү көбөйтүлгөн тиешелүү мыйзам күчүнө киргенине байланыштуу кабыл алынды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлеринин арасында коррупциялык жосундарга жол бербөө үчүн ушул мыйзамдын талаптарынын аткарылышын тыкыр көзөмөлгө алуу зарыл. Ошондой эле айдоочулар арасында түшүндүрүү-профилактикалык иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди. Ошону менен бирге президент Жапаров жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер тарабынан пара талап кылуу фактылары болсо, жарандарды ачык айтууга чакырат. Абийирсиз кызматкерлердин бардыгына тийиштүү чаралар көрүлөт», -деп жазды Султанбаев.
Кыргызстанда 8-марттан тарта мас абалда унаа башкарган айдоочуларды бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу, кайра сынак тапшыруу тууралуу мыйзам күчүнө кирген. Документке ылайык, айрым айып пулдардын суммасын 15 миң сомго чейин көтөрүлөт.
Оставьте первый комментарий