Кайрат Иманалиев маданият министринин биринчи орун басары болду

Сүрөт: Маданият министрлиги

Кайрат Иманалиев маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Иманалиевди министрликтин эмгек жамаатына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырган.

Кайрат Иманалиев президенттин 9-марттагы буйругу менен Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору кызматынан бошотулган. Ал УТРКны 2022-жылдын июнь айынан бери жетектеп келген. 2019-жылы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, 2021-жылы министр кызматын аркалаган.

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*