Экология министри Динара Кутманова кызматынан бошотулду

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова  ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы 15-мартта билдирди. Кутманова жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп 2021-жылы сентябрь айынан бери иштеп келе жаткан.

Президенттин ушул эле күнкү жарлыгына ылайык, Мелис Тургунбаев Кутманованын ордуна милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Анын талапкерлиги парламентке сунушталат.

Мелис Тургунбаев

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жаңы жетекчини эмгек жамаатына тааныштырды. Өкмөт башчы  министрликтин алдына жаратылыш ресурстарын изилдөө, пайдалануу, кайра өндүрүү жана коргоо жаатында мамлекеттик саясатты жана укуктук жөнгө салууну иштеп чыгуу боюнча маанилүү тапшырмалар коюлганын белгиледи. Жапаров Мелис Тургунбаев бир нече чет тилдерди билерин, экономика илимдеринин доктору жана корпоративдик башкарууда чоң тажрыйбасы бар экенин айткан.

«Бизде жердин үстүндө жана алдында эмне бар экиндиги жөнүндө толук маалымат жок. Электр энергиясын өндүрүүгө боло турган бизде канча мөңгү, дарыя жана суу бар. Бул маалымат бизге биринчи кезекте жашыл энергетиканы өнүктүрүү үчүн керек. Бул маалыматтар бизде жакынкы аралыкта болушу керек», — деди Акылбек Жапаров.

41 жаштагы Мелис Тургунбаев 2020-жылы «Кыргызмунайгаз» мамлекеттик ишканасынын башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалган. Ага чейин мекеменин директорлор кеңешинин төрагасы, мүчөсү болуп иштеген.

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*