
Былтыр 14-17-сентябрь күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда кыйраган, өрттөлгөн үйлөрдүн курулушу ушул күнгө чейин жанданбай, токтоп тургандары бар. Мамлекет аларды жаңы жылга чейин бүтүрүп берүүнү убадалаганы менен, дээрлик күлгө айланган Капчыгай айылында беш үйдүн курулушу токтоп турат.
Баткен облусунун Ак-Сай айыл аймагына караштуу Капчыгай айылынын 70 жаштагы тургуну Шарипа Кудайбердиеванын өзүнүн жана төрт уулунун үйү былтыр сентябрдагы жаңжалда толугу менен күйүп кеткен. Учурда үч уулунун үйү бүткөрүлүп тапшырылган, ал эми өзүнүн жана дагы бир уулунун тамынын курулушу эки айдан бери токтоп турат. Кудайбердиеванын сөзү боюнча, буга жоопкерчилик жүктөлгөн «Доор» курулуш компаниясы усталарга «эки айдан бери айлык акыларын төлөбөй жатканы» себеп болууда.

«Бригадирден сурасак «Шыйпыр жаап, дубал урганга гана акча бөлүнгөн. Андан кийин усталарга айлык төлөнбөдү» дешти».
Ал көп жылдык мээнети өрттөлүп, өздөрү окуя болгондон бери ар кайсыл жерде баш калкалап жүрүп, жолдошу инсульт алганын кошумчалады. Шарипа апа «Тамак аштан кыйынчылык болбогону менен моралдык жактан аябай эле жабыр тарттык» дейт. Ал бүгүнкү күнгө чейин Баткен шаарына караштуу Базар-Башы кварталында жолдошу, бир уулу жана анын кош бойлуу келинчеги менен ижарада жашап жатканын айтты.
«Үч балабыз менен ушул үйдө (ред-азыр жашап жаткан) турдук. Бирисинин балдары кийинки айылга мектепке бара турган болуп, башка үйгө көчүштү. Дагы бир балам үй-бүлөсү менен Орусияга кетти. Бириси Бишкекте жүрөт», -дейт Кудайбердиева.
15-мартта Капчыгай айылынын тургундары президенттин Баткендеги өкүлү менен жолугушту. Анда курулушу бүтпөй турган үйлөр боюнча, тамдарды курууга милдеттеме алган «Доор» курулуш компаниясы менен ич ара териштирүүлөр болоору айтылды. Ал эми «Аманат» курулуш компаниясынын башкы прорабы Кудайназар Жолматов усталардын маянасы боюнча буларды айтты.
«Биздин компания курулушту Капчыгай айылынан баштаган. Усталарды чакырып, айлыктарын беребиз».
Былтыр сентябрда кыргыз тажик чек арасынад болгон кагылышууда кыргыз тарап 63 жаранынан айрылган. 423 үй толугу менен өрттөлүп, 200дөн ашууну талкаланган. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, кыйраган үйдүн ичинен 332 үйдүн курулушу толук бүткөрүлдү.
Оставьте первый комментарий