Курулушу аяктай элек көп кабаттуу үйлөрдүн батирлерин сатыкка коюуга тыюу салынат

Министрлер кабинети көп кабаттуу турак жайларды үлүштүк куруу жөнүндө Жобо даярдап жатат. Ал ишке кирсе компанияларга үйдүн курулушу аяктай электе батирлерди сатып баштоого тыюу салынат. 

Мындай маалыматты бүгүн, 16-мартта Минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев курулуш компаниялардын жетекчилери менен жыйын өткөрүп жатып айтты.

Жобону иштеп чыгууга көп кабаттуу үйлөргө акча салып батирин толук ала албай калган учурлардын көп катталып жатканы себеп болгон. Жарандарды коргоо максатында, эми компаниялар баштаган ар бир үйүнүн курулушун аягына чейин чыгарууга милдеттендирилет.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1465 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*