
Жогорку Кеңештин 16-марттагы жыйынында айрым депутаттар президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун ишмердүүлүгүнө дагы сын айтышты. «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Алишер Козуев Жамалдинов аны негизсиз каралоолор менен айыптап жатканын билдирди. Ошондой эле таза иштеп жаткан кадрларды өз кызыкчылыгына пайдаланып, мыйзамсыз иштешине түртүп жатат деп сындады.
«Мен парламенттин өткөнкү жумадагы жыйынында Зиядин Жамалдинов боюнча облустагы, райондогу айыл өкмөттөрдүн, мекеме-ишканалардын, суу чарбачылыктардын жетекчилеринин оозеки арыздарынын негизинде сындап, эскертүү айттым эле. Андан көп өтпөй губернатор мага жалаа жаап, атымды атап интервью берип жатат. Далили болсо жарыяласын, болбосо элдин башын айлантпасын. Мен ага жооп берип коёюн. Зиядин Жамалдиновду президент ишеним көрсөтүп, Ош облусундагы жетекчилерди мыйзамсыз иштөөсүнөн кайтарып карап турууга жиберген эле. Тескерисинче, ал жаш, таза иштеп жаткан кадрларды өзүнүн кызыкчылыгына пайдаланып, мыйзамсыз иштешине түртүп жатат. Менде далилдер бар. Облустагы башаламандык жогорку жетекчиликке жетпей жатат», -дейт Козуев.
Эл өкүлү Шайлообек Атазов кадр саясаты аксап жатканын белгилеп, иштей албаган министрлерди, облус башчыларын депутаттар менен айтышып отурбай, иштен кетүүгө чакырды.
«Катуураак айтпасак министрлер, губернаторлор укпай жатат. Президент бүгүнкүдөй кадр маселесин эки жыл мурда баштаса деген элдин үмүтү бар болчу. Азыр башталып, министри, губернатору иштен алынууда. Мамлекетте чет өлкөлөр менен келишимдер түзүлүп жатат. Аскер тараптар күчөдү. Бирок бизди аксап, бутка чапканы кадр саясаты болууда. Кечээ экология министрин жумуштан алдыңыздар. Комиссия түзүп, Акылбек Жапаров жыл жыйынытыгын кылып атып эки койду. Баткакка баткан дагы ошондой бир-эки министриңер бар. Жусуп Коргонбай уулу менен Алишер Козуев Ош облусунун губернатору Зиядин Жамалдиновду айтып жатат. Анысы (ред-Жамалдинов) социалдык тармактан чыгып алып кайым айтышып отурат», -деди ал.
Ушундай эле сынды Надира Нарматова да айтты.
Ал эми депутат Балбак Түлөбаев Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдиновго карата элден арыз түшүп жатканын, көмүр кендерге байланыштуу чатак көбөйгөнүн, облус башчысы соттун чечимдерин да аткарбай жатканын кошумчалады.
«Бир жыл мурун мага Ош облусунун Өзгөн районунан кат түшкөн эле. Аны бардык жерге жибергенде «Соттун чечимин күтөлү» деген жооп келген. Эки соттун чечими бар. Оштун губернатору алардын чечимине баш ийеби же жокпу? Көмүр кендердеги ызы-чуу боюнча дагы бир арыз түшүптүр. Алмаз Акунжанович, (ред-президенттин парламенттеги өкүлү) эл айтып жатса, эгер, губернаторлор соттун чечимин аткарбай жатса кимге кереги бар? Каттар келип жатат, күндө ызы-чуу. Кичине реакция кылбайсыңарбы?».
Жогорку Кеңештин 9-марттагы жыйынында бир нече депутат Зиядин Жамалдиновду сындап чыгышкан. Алар президентке кайрылып, тез арада чара көрүүнү белгилешкен. Депутат Жусупбек Коргонбой уулу Жамалдинов токой чарбанын жерин, үйүн бир тууган агасына каттатып алганын билдирген. Анын сөзүнө кесиптеши Эмил Жусупов да кошулуп, Ош облусунун жетекчиси туура эмес иштерди жасап жатканын билдирген.
Алишер Козуев да бир топ арыздануулар түшкөнүн айтып, Жамалдинов айыл өкмөт башчыларына, орун басарларына чейин басым кылып жатканын билдирди.
Ошол эле күнү Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеңештин депутаттарына жооп кайтарып, дарегине айтылган дооматтардын баары негизсиз экенин айткан.
Зиядин Жамалдинов президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2021-жылдын 22-июлунда дайындалган. Ал Ош облусунун Ноокат районунда туулуп-өскөн. Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына «Өнүгүү-Прогресс» партиясы менен келген. 2020-жылы августта мандатын өз ыктыяры менен тапшырып, жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Бүтүн-Кыргызстан» партиясы менен барган.
Оставьте первый комментарий