Түркиялык компания Жалал-Абаддагы 5 мектептин сейсмикалык документтерин убагында иштеп чыга албай калды

Түркиялык «Тумаш» компаниясы Жалал-Абад облусундагы 5 мектептин долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыга алган эмес. Бул тууралуу «Кыргызстандын табигый кырсыктарынын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу» (ERIK) долбоорунун өкүлдөрүнүн 5 мектептин администрациясы жана мектеп комитеттери менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгында белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, Түркиялык компания Жалал-Абад облусундагы 5 мектепти реконструкциялоо жана куруу боюнча техникалык-экономикалык негиздемени, долбоордук-сметалык документтерди (ДСД) иштеп чыгуу жана автордук көзөмөлдөө боюнча консультант катары тандалып алынган. 

«Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, райондук билим берүү бөлүмдөрү, мектеп администрациялары жана мектеп комитеттери катышкан жыйын болду. Бардык жолугушуулар ачык өттү, катышуучулардын ар бирине курч суроолорду берүүгө жана аларга толук жооп алууга мүмкүнчүлүк берилди. Жолугушуу, Кыргызстандын эң сейсмикалык 12 аймагында биринчи этапта заманбап сейсмикалык туруктуулук жана энергетикалык натыйжалуулук стандарттарынын талаптарын эске алуу менен 10 мектепти куруу/реконструкциялоо пландалган ERIK долбоорунун демилгеси менен өткөрүлгөн. Жыйында белгиленгендей 2022-жылдын 31-декабрына чейин «Тумаш» компаниясы толук иштелип чыккан жана мамлекеттик органдар менен макулдашылган долбоордук-сметалык документтерди берүүгө тийиш эле. Тилекке каршы, документтер жеткире иштелип чыккан эмес жана иш чала аткарылган», — деп айтылат маалыматта.

Бул мектептер 300дөн ашык мектепти илимий ыкманын негизинде анализдөөнүн натыйжасында тандалып алынган. Долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат. 

Документтерди талдоо көрсөткөндөй:

— ДСДда негизги бөлүмдөрдүн жоктугуна;

—  ДСД долбоорлоонун жергиликтүү ченемдерине жана КР мыйзамдарына ылайык келтирилбегенине;

—  кабыл алынган технологиялык чечимдердин экономикалык эсептери ашкере экенин жана бул жагдай курулушту кымбатка түшүрөөрүнө;

—  ДСД мамлекеттик экспертизага берилбегени маалым болгон.

 «Биз мугалим, балдар жана алардын ата-энелеринин алдындагы бүт жоопкерчилигибизди туюп турабыз. Биздин алдыбызда мектептердин бекем, бышык жана жердин силкинүүлөрүнө туруштук бере алгыдай имараттарын куруу гана эмес, балдардын өнүгүүсүнө өбөлгө болчу чөйрөнү түзүү милдети бар экенин да түшүнөбүз. Ошону менен бирге ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын да билим алуусуна ыңгайлуу шарттарды жаратуу абзел», —  деп белгиледи ERIK долбоорунун координатору Эрмек Биялиев.

ERIK долбоорунун негизги максаты мектептерди жер титирөөгө туруктуу кылуу, энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизүү, сууга жетүүнү камсыз кылуу жана санитардык- гигиеналык шарттарды жакшыртуу болуп саналат.

«Мектептер курулбай калат деп кабатыр болбогула. Долбоордун бардык финансылык мүмкүнчүлүктөрү, күчү жана ишти аягына чейин бүтүрүү үчүн бекем ниети бар. Биз үчүн бул намыс маселеси», — деди Эрмек Биялиев. Жолугушуунун катышуучулары түзүлгөн кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылышты жана Долбоордун өкүлдөрүнө долбоордук-сметалык документтерди бүтүрүү менен байланышкан бардык процедуралардын ийгиликтүү жана тез бүтүшүн каалашты.

Жыйынтыгында башка компания жалдоо менен мөөнөт көрсөтүлгөн убакта тандалып алынган Сузактагы №78- З. Бакиров, №103- Садда, №20 Маткеримов, Базар-Коргон районундагы Б. Абдрашев, №2- Нышанбаев мектептери курулуп бүткөрүлмөй болгон.

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*