УКМК: экс-вице-премьер-министр Зилалиев пара алууга шектелип кармалды

Мурдагы вице-премьер-министр, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев  кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлагандай, ал лицензия берүү үчүн пара алууга шек саналып жатат.

«З.Д.Т. 2017-жылы ыйгарым укуктарына таянып, пайдалуу кендери бар жерлерге лицензия берүү маселесин чечип берүүнү убада кылып Б.Р. аттуу жарандан 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алганы аныкталды. Бирок З.Д.Т. айтылган убадаларын аткарган жана алган акча каражаттарын кайтарып берген эмес. Тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган далилдердин негизинде 2023-жылдын 15-мартында З.Д.Т.  УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», -деп айтылат маалыматта.

Зилалиевдин иши

2018-жылы декабрда Башкы прокуратура Дүйшөнбек Зилалиевге «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Анда 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алган деген жүйөө келтирилген.

2018-жылдын 18-октябрында Зилалиев дагы бир иш боюнча шарттуу түрдө үч жылга эркинен ажыратылган болчу. Анда Зилалиевге карата Жазык кодексинин «Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу» беренесинин негизинде иш козголгон.

Кийин Жогорку сот Зилалиевге «Мыйзамсыз баюу» боюнча коюлган айыпты жокко чыгарып, ишти кайра кароого Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жиберген. Анын кылмыш иши «токтом кылынган өкүмдөрдүн жокко чыгышына алып келүүчү процессуалдык бузуулар кетирилгендиктен» Биринчи май райондук сотуна кайрадан кароого жиберилген.

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*