Улуттук госпиталдын башкы дарыгерине кылмыш иши козголду

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын башкы дарыгерине кылмыш ишин козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 16-мартта билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында башкы дарыгер медицина кызматкерлеринен акча талап кылуу жана казынага 40 миллион сом зыян келтирүүгө шектелип жатат.

«М.Т.И практикалык дарыгер болуп туруп бөлүм башчыларына жана дарыгерлерге адам чыдагыс шарттарды түзүп, бейтаптардан системалуу түрдө акча алууга жана ага акча которууга мыйзамсыз мажбурлаган» — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Ошондой эле, башкы дарыгер ооруканага дары-дармектерди базар баасынан жогору баада алууга шектелүүдө. Госпиталга былтыр октябрда тендерден жеңген компания иммуномодуляциялоочу дары-дармектерди кымбат жеткирип, бюджет 36 млн 205 миң 791 сом зыян тартканы аныкталган.

Кийин май айында туунду компаниялар менен мыйзамсыз келишим түзүлүп дары-дармектер, 25 млн 510 миң 700 сомго медициналык кол каптар бир гана булактан сатып алынган. Мындан 11 миллион 723 миң сом зыян келтирилген. Базар баасы 500 сомдон ашпагана стерилдүү эмес медициналык кол каптардын бир пакети 1200 сомдон алынган.

УКМК аталган Улуттук госпиталь Кыргызстандагы эң ири медициналык мекеме экенин, анын жылдык бюджети донордук жана гранттык каражаттарды кошпогондо 700 млн сомдон ашаарын билдирди. Анын ичинен 370 миллион сому дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алууга жана учурдагы керектөөлөргө жумшалат.

Учурда атайын кызмат бул фактыга тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1465 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*