
Баткен шаарын көрктөндүрүүгө 350 миң сом бөлүндү. Тендер жарыялана элек. Былтыркы жылы да ушул иштер кечигип, Баткен жашыл шаар аталбай калганы айтылып келет. Анан дагы тигилген көчөттөр текши көктөбөй куурап калган.
Казынадан бөлүнгөн 350 миң сомго калаанын жашылдандыруу маселеси толук чечилээри күмөн. Анткени өткөн жылы бул тармакка 250 миң сом берилгени менен, шаардыктар жасалган жумушка канааттанышкан эмес. Жаз алдын тигилген көчөттөр жыл айланбай куурап, жашылдандыруу жааты көп сынга кабылган. Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 100 миң сомго көп акча каражаты каралды. Бирок былтыр иштин солгун жүргөнүн көргөн Баткен шаардык кеңешинин депутаты Санжарбек Абдинаби уулу быйылкы каражат текке кетпесе экен дейт.
«Ишембиликтерди өткөрүүгө 250 миң сом, шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүүгө мисалы, арча, жаңы көчөттөрдү, гүлдөрдү тигүүгө 350 миң сом бөлүнгөн. Былтыр 250 миң сом каралган болсо, кайсы көчөгө канча түп көчөт, кандай типтеги көчөт эгилгенин сураганыбызда, так маалымат берилген жок. Буйтап, аркы-беркини айтып жатышкан. Эми быйылкы каражаттын көзөмөлдөшүбүз керек болуп жатат».
Шаардык мэрия былтыркы жылы тигилген көчөттөрдүн куурап калышына кургак аба ырайын шылтоо кылды. Анан дагы тендерге эч ким катышпай, иш май айына чейин өтүп кеткенин айтып жатышат. Вице-мэр Мансур Маматисаев быйылкы жылы андай мүчүлүштүктөргө жол берилбейт дейт.
«Ош — Баткен — Раззаков жолунун шаарга тиешелүү жерлеринин эки тарабына көчөттөрдү отургузуу башталды. Былтыркыдай иш болбой калбайт».
Баткен шаарындагы дагы бир көңүл бура тураган орчундуу көйгөй мамлекттик атрибуттар дейт шаар тургуну, журналист Нургазы Жайнаков. Калаа казынасынан мамлекеттик символикаларды орнотуу, жаңылап туруу үчүн быйыл 310 миң бөлүндү. Былтыркы жылы 250 миң сом бөлүнгөнү менен шаар ортосундагы чоң желек жок.
«Облустук администрациянын бет маңдайында туу иле турган жай турат. Бирок желегибиз парламент тарабынан кабыл алынган параметрлерге туура келбей калган. Түндүк менен күндүн нуру өтө эле кичинекей болуп, көп убакыт илинип турду. Акырында айтууга туура келди. Ага мэрия тууну таптакыр койду. Бизге жообу ошондой болду окшойт», -дейт Жайнаков.
Желекти убагында алмашбай калганына да жергиликтүу бийлик тендерди себеп кылды. Ал эми символикалык белгилер так сакталбай илинген желек, туу күнү бош калбастык үчүн жасаган аракетибиз дейт.
«3-мартта шаарда ак калпак жана туу күнү белгиленген. Элдер сындап жатканынан башка желекти илип тургунбыз. Буюрса 18-19-март күндөрү жаңы желек келет», -деп жооп берди вице-мэр Мансур Маматисаев.
Былтыркы жылы шаардык бюджет кеч кабыл алынып, көп мүмкүнчүлүктөр колдонулбай калгандыгын шаардык бийлик маалымдайт. Быйыл 13–март күнү Баткен шаарынын бюджетти 132 миллион менен бекитилди. Каржы бөлүнгөнү менен азыр жашылдандыруу иштерин ким кылаары белгисиз бойдон турат. Анткени жаздын биринчи айы бүтүп баратканына карабай, тендер али күнчө жарыялана элек.
Оставьте первый комментарий