ИИМ: айып пул көбөйгөндөн бери жол кырсыгы 12%га кыскарды

Жол эрежесин бузгандар үчүн айып пул көбөйтүлгөндөн бери жол кырсыгынын саны 12%га кыскарды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгыны маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу Т-Медиага билдирди. 

Маалыматка караганда былтыр 8-марттан 17-мартка чейин 213 жаран жол кырсыгынан жараат алган болсо, быйыл бул күндөрү 188 жаран жол кырсыгына кабылган.

«Бул 12 пайызга азайганынын көрсөткүчү. 8-марттан тартып күчүнө кирген эрежелерге ылайык өткөн жылга салыштырмалуу ылдамдыкты өтө жогоруу айдоо, карама-каршы тилке менен унаа башкаруу, айдоочулук күбөлүк албаган жарандардын унаа башкаруусу, жол чырагынын кызыл түсүнө өтүүсү азайды» — деп айтылат ЖКККББнын маалыматында.

Быйыл 8-мартта автокырсыктарды азайтуу максатында жол эрежесин бузган айдоочуларга катаал жаза колдонула турган мыйзам күчүнө кирген. Ага ылайык:

  • Ылдамдыкты 40-60 чакырым/сааттан ашырган айдоочуга 7 500 сом, 60 чакырым/сааттан ашырса 15 000 сом;
  • Жол чырактын кызыл түсүнөн өтсө 5 500 сом;
  • Айдоочулук күбөлүгү жок жаран рулга отурса 15 000 сом;
  • Каршы тилкеге чыгып айдаса жана унаа бейбаштыгы үчүн 15 000 сом айып пул;
  • Жасалма номер менен унаа айдагандар үчүн айып пул 20 миң сом болгон.

Эрежелер кайталап бузулса алты айга, бир жылда үч жолу бузса биротоло айдоочулук күбөлүгүнөн ажырайт.

3-мартта айып пулдун жогорулашы боюнча президент Садыр Жапаров да комментарий берип, бул бюджетти толтуруу эмес жол кырсыгын азайтуу үчүн аракет экенин айткан.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1462 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*