Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандардын тарапташтары акцияга чыгышты

Бүгүн, 17-мартта Бишкектеги Максим Горький атындагы паркта Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын жакындары нааразылык акцияга чыгышты. 

Акция «Эркиндик жана адилеттик үчүн» деп аталып, катышуучулар сөз эркиндигине болгон басымды, тергөө абагында жаткандарды актоону, адилеттүү сот системасын түзүүнү талап кылышууда.

Кемпир-Абад иши боюнча жапырт камалгандардын бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту 15-17-февраль күндөрү карап, көпчүлүгүн абактагы мөөнөтүн 20-апрелге чейин узарткан. Үй камагына чыккандар: Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков, Талантбек Эшалиев.

Оппозициялык саясатчылар Равшан Жээбеков ооруканада. Ал дарылануу мөөнөтү бүткөндөн кийин тергөө абагына кайтарылат. Ал эми Конституциялык соттун экс-судьясы Клара Сооронкуловага операция жасалгандан кийин, дарыгердин тыюу салганына карабай 14-март күнү кайрадан ТИЗОго киргизилди.

Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпы 30га жакын адам жапырт кармалган. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келишет. Камалганга чейин алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, «Кемпир-Абадды коргоо комитетин» түзүшкөн.

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*