
Айыл чарба министрлиги быйыл минералдык жер семирткичтер былтыркыга салыштырмалуу 20-25 %га арзан сатылып жатканын билдирди. Аларды өлкөнүн бардык аймагынан тапса болот.
Министрликтин маалыматына караганда, Өзбекстандан өндүрүлгөн аммиак селитрасынын бир килограммы 28-30 сом, карбамид 36-38 сом жана түндүк аймактарда аммиак селитрасы 30-32 сом, карбамид 38-40 сомдон сатылып жатат.
«Бул баа былтыркыдан 20-25 %га арзан. Быйыл 16-мартка карата республикада минералдык жер семиркичтер 40,2 миӊ тоннаны түздү», -дейт министрлик.
Айыл чарба министрлиги өлкө боюнча жер семирткичтерди бул даректен алса болорун кошумчалады.
Оставьте первый комментарий