
10-мартта бир катар жергиликтүү басылмалар президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова постсоветтик мейкиндиктеги эң таасирдүү элүү айымдын катарына киргенин жазып чыгышты.
Жаңылыкты жайылткан жалпыга маалымдоо каражаттары «Преемник» телеграм-каналын алгачкы булак катары көрсөтүшкөн. Рейтингди ким түздү жана маалымат кайсы булактардан алынды? «Т-Медиа» редакциясы текшерип жатып, үч фактыга туш болду.
Биринчи факты – орусиялык «Преемник» телеграм-каналы бул рейтингди 8-мартта жарыялаган. Тизмеде Айгүл Жапарова 18-орунда турат. Маалыматты андан башка ачык булактардан же беделдүү басылмалардан жолуктурган жокпуз. Эске салсак: рейтинг президент Садыр Жапаров менен Айгүл Жапарованын Орусияга болгон иш-сапарынан кийин жарыяланган. Анда Жапарова кыргыз-орус аялдар форумунун ачылышына катышып, сөз сүйлөгөн.
Мындан тышкары аталган телеграм-каналда тамашалуу посттор байма-бай жарыяланып турат. Мисалы, Курманбек Бакиев, Аскар Акаев, орус саясатчысы Жириновский тууралуу шакабалуу маалыматтарды «Нежный пиарщик» деген телеграм-каналдан алып бөлүшөт.
Экинчи факты – рейтингди «Преемник» телеграм-каналы өзү эле түзүп койгон. Демек, анын канчалык ишенимдүү экени да күмөн жаратат.
Үчүнчү факты – рейтинг түзүүдө жалтырак орогуч аттуу манипуляция ыкмасы колдонулган. Жалтырак орогуч – бул объектти позитивдүү сүрөттөгөн, бирок маңызы боюнча эч кандай кабар бербеген жалпы сөздөр. Мүнөздөмөлөр ушунчалык бүдөмүк болгондуктан, аларды кандайдыр бир объектке колдонууга болот, бирок ошол эле учурда аларды жокко чыгарууга жана жалган деп айтууга болбойт.
Жыйынтык: манипуляция. Бул рейтинг башка беделдүү сайттарда жарыяланган эмес. Бир гана «Преемник» телеграм-каналында чыккан.
Оставьте первый комментарий