
Ош облусунда унаа жолдордун четтерине тиешелүү органдар менен макулдашбастан жарнак такталарын, белгилерди илип алган он бир жаранга 33 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу «Т-Медиага» облус боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Алтынбек Теңизбаев билдирди.
Теңизбаевдин билдиришинче, Жол кыймылын көзөмөлдөө тобунун кызматкерлери «Жарнак такта» рейдин өткөрүп, анда он бир жаран жарнамаларды уруксатсыз илип алганы аныкталган. Аларга протокол түзүлүп, ар бирине 3000 сомдон айып пул салынды.
Ушу тапта мындай иш чаралар Ош облусунун бардык райондорунда өтүп жатат.
Оставьте первый комментарий