Ош шаарында өткөн ишембиликте 2200 куб таштанды чыгарылды

Сүрөт: Ош мэриясы

Бүгүн, 18-мартта Ош шаарында жалпы республикалык ишембилик өткөрүлүп, ага 15 миңден ашык адам катышты. «Ош-Тазалык» ишканасы шаардан 2200 куб таштанды чыгарган.

Ош шаарындагы ишембилик
Ош шаарындагы ишембилик

Ишембиликке шаардагы бардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана калаа тургундары катышты. Алар өздөрүнө бекитилген жерлердин таштанды, арыктарын тазалашкан. Мындан тышкары көчөт отургузулуп, бак-дарактарды актап-сырдалган. Шаардыктар сейил бактардын жана скверлердин аймагын да иретке келтиришкен.

Билим берүү мекемелеринде болсо 900 түп декоративдүү жана мөмө-жемиш дарактарынын көчөттөрү, 10 миң түп гүл отургузулду.

Бүгүн Кыргызстандын бардык аймагында ишембилик өтүүдө.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*