
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети товарларды «жашыруун транзиттөөгө» тиешеси бар Бажы кызматынын кызматкерлери кармалганын кабарлады.
Маалыматка караганда, жашыруун транзиттик жол менен Кытайдан эл керектөөчү товарларды системалуу түрдө мыйзамсыз ташып келүү боюнча туруктуу каналды уюштуруп алган коррупциялык схеманын бети ачылган.
«Айрым компаниялар Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып Кытайдан Өзбекстанга Кыргызстан аркылуу жүктөрдү транзиттик жол менен ташып турушкан. Жүк Өзбекстанга жөнөтүлгөндүгүнө карабай, ал Кыргызстандын аймагынан түшүрүлүп, коңшу өлкөгө бош автоунаалар жөнөтүлгөн», -деп айтылат маалыматта.
Атайын кызмат мамлекетке келтирилген зыян 1 миллиард сомго бааланганын кошумчалады. Бул иш боюнча алты бажы кызматкери жана жеке компаниянын үч өкүлү кармалган. УКМК алардын арасында жогорку кызматтагы адамдардын жакындары бар экенин билдирди.
«Бул факт боюнча акыркы күндөрү өлкөнүн социалдык мессенжерлеринде «Башкы прокуратура менен УКМКнын тиреши тууралуу» делген ишенимсиз маалыматтар тарай баштады. Эч кандай тирешүү жок жана болушу мүмкүн эмес. Бардык тергөө аракеттерине Башкы прокуратура тарабынан ыйгарым укук берилген жана процессуалдык көзөмөлүндө», — деп билдирди УКМК.
Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар бардык адамдарды жана келтирилген зыяндын так көлөмүн аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары уланууда.
Оставьте первый комментарий