
Социалдык тармактарда жана мессенжерлерде Кытайда жамгыр менен кошо курттар жааганы тууралуу видео тарап жатат. Бул жаңылыкты колдонуучулар кызуу талкуулашууда. Тасмада жерди, автоунаалардын үстүн кара майда нерсе каптап кеткенин көрүүгө болот.
Чын эле курттар жамгыр менен бирге жаадыбы? «Т-Медиа» видеону текшерип көрдү.
11-12-мартта орус тилдүү сайттарда «курт жамгыры» тууралуу билдирүүлөр массалык түрдө тарай баштаган. Алар окуя Кытайдын Ляонин провинциясында болгонун маалымдашкан жана алгачкы булак катары New York Post ресурсу айтылат.
Mother Nature Network илимий журналы курттарды катуу шамал учуруп келген деп божомолдогон. Мындан тышкары басылма окуя бороондон кийин болгонун белгилейт.
Бул видео Twitter социалдык тармагында да кызуу талкуу болгон. Аны Insider Paper аттуу баракча биринчилерден болуп жайылткан. Соцтармактын колдонуучулары видеодогу кара зат чынында теректин гүлдөрү болушу мүмкүн экенин божомолдошкон. Brown Girl аттуу аккаунт бул жаңылыкты фейк деп белгилеп, сүрөттөр менен бөлүшкөн.
«Булар курттар эмес, теректин гүлдөрү. Алар жазында пайда болот, куртка окшош келет. Теректин гүлүнүн сабагы түшө баштаганда гүл ача баштаганын билдирет», -деп жазган ал.
Дагы бир колдонуучу да ушундай эле өңүттөгү пикир калтырган. Ал теректин гүлдөрү жамгыр жааганда түшүп, куртка окшогон абалга келген дейт.
10-мартта кытайлык журналист Шэнь Шивэй Твиттердеги баракчасына видео фейк экенин жазган. Анын айтымында, бул күндөрү Пекинде жамгыр жааган эмес. New York Post ресурсу да өз материалында бул версияларды айткан.
Кадрга түшкөн автоунаалардын мамлекеттик номурлары Кытайдын түндүк-чыгышындагы Ляонин провинциясына, Шэньян шаарына тиешелүү. Белгилей кетчү нерсе, өлкөнүн бул аймагында populus koreana жана populus tomentosaа сыяктуу терек түрлөрү кеңири тараган. Алардын гүлдөрү узун болот.
Чын эле сүрөттү чоңойтуп, кылдат караганда ал курт эмес экенине күбө болобуз. Видеону ошондой эле австралиялык Factly жана 7NEWSтун фактчекерлери да текшерип, теректин гүлү деген жыйынтыкка келишкен.
Жыйынтык: жалган. Видеодогу зат курт эмес, теректин гүлү (цветы тополя).
Оставьте первый комментарий