Чүйдө өзүнүн баласын сабоого шек саналган жаран кармалды

Сүрөт Жаңылай Баймуратованын "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды

Чүйдө өзүнүн баласын сабоого шек саналып 34 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу 18-мартта облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

13 жаштагы өспүрүмдү өз атасы сабаганы тууралуу билдирүү милицияга Москва райондук ички иштер башкармалыгынын участкалык кызматкери тарабынан келип түшкөн. Окуя Москва районунун Крупский айылында болгон. Бул факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 138-беренеси (Уруп-сабап кыйноо) менен кылмыш иши козголгон.

«Тергөө учурунда Д.К. аттуу жаш өспүрүм баланын денесинде жаңы жана эски жаракаттар, анын издери табылып, ал Д.З. аттуу өз атасы тарабынан ур-токмокко алынганы, буга чейин да мындай фактылар болуп келгендиги аныкталган»,- деп айтылат маалыматта. 

Шектүү 16-мартта соттун чечими менен Москва райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Автор Т-медиа 11649 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*