
Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Маяк айылында бетон төшөп жол салынууда. Мындай демилгени айыл тургуну көтөрүп, чыгымын өз мойнуна алган. Ишкер айымга айылдаштары жапа тырмак жардам беришип, жол ашар ыкмасы менен курулууда.
Узундугу бир чакырымдай болгон Сами ажы көчөсү мурда жаан жааган мезгилде баткак болуп, турундардын ары-бери басышына ыңгайсыздык жаралчу. Ушул көчөдө жашаган Болдукан Бердибаева демилге көтөрүп, бетон төшөлдү.

«Азырынча жолубуз толук бүтө элек. 1,5 миллион сомдой кетти. Элден бир килограмм дагы мык алган жокпуз. Себеби кымбатчылык болуп жатканда туура эмес болуп калат. Элге, кошуналарга ыраазычылык билдирем. Анткени тамак-ашын жасап берип жатат», -дейт Бердибаева.
Бетон төшөлгөн жолдун узундугу бир километр болсо, туурасы төрт метр. Ал эми бетон куюлмасы 15 сантиметр калыңдыкта болуп, бышык болушу үчүн арасына темир сетка коюлган. Жергиликтүү куруучулардын айтымында, жол баардык талаптарга жооп берет.
«Канча тонна жүк көтөрө аларын текшерип көрбөдүк. Себеби ага бизде шарт жок да. Лабораторияга алып барышка убакыт болбоду. Бетондун курамына 300 килограммдан цемент коштук. Жакшы кургап кетсе 20 тоннага чейин жүк көтөрө алат», -дейт куруучу Нусуратилла Балтабаев.
Айылдагы элдин демилгесин жергиликтүү бийлик колдоп, башка айылдарда да ушундай ыкма менен жолдорду оңдосо болорун белгиледи. Азырынча жолдун эки четинде тротуар жок. Кадамжай районунун Айырбас айыл өкмөтүнүн башчысы Кубанычбек Тургунов бул маселени чечип берүүнү убада кылды.
«Бул айылда азыр жаңы конуштар менен кошкондо 600гө жакын кожолук жашайт. Азыр эл менен сүйлөшүп, тротуарды куруп берүүнү аракет кылып жатабыз. Жолду куруп бергенге айыл өкмөттө мүмкүнчүлүк жок. Асфальт кылганга коп каражат кетет экен».
Учурда жолдун курулушу жарымына жетип калды. Орозого байланыштуу убактылуу токтотулуп, кайрадан улантылат экен. Элеттиктер бул демилгебиз башка аймактарга да үлгү болуп, ар бир адам биринчи кезекте өз айылынын өнүгүүсүнө салым кошот деген ишенимде турушат.
Оставьте первый комментарий