Кыргызстандык киберспортчу Жамиля Алагозова алгачкылардан болуп дүйнөлүк командага кошулду

Жамиля Алагозова кыздар арасында алгачкылардан болуп, «Team spirit» киберспорттук дүйнөлүк эң мыкты командага кирди. Аталган уюм буга чейин киберспортто көптөгөн ийгиликтерге жетип, рекордсмен болгон. Биринчи жолу кыздардан турган команда түзүп, турнирлерге катышууну пландоодо. Команданын курамында Жамиля Алагозовадан сырткары Чехия, Украина жана Белгиядан да кыздар бар. 

Жамиля Алагозова 7 жашында агалары менен ойноп, киберспортко кызыгуусу жаралган. 13 жашынан туруктуу оюнчуга айланган. Ал оюндун CS:GO түрү менен алектенет.  

Киберспортчу 2017-жылдан бери команда менен оюн алып барат. Турнирге  команда жана жеке машыгуу аркылуу даярданат. Башка командаларга каршы машыгуу таймаштарын өткөрүп, стратегияларды даярдап, ок атууну машыктырат. 

«Мен ар кандай түрлөрүн ойноп көрдүм. 13 жашымдан тарта туруктуу ойноп баштаганмын. Киберспорт менен алектенген кыздар Кыргызстанда аз».

Жамиля Алагозованын ата-энеси киберспорт менен алектенүүсүн колдойт. Анын мындагы алгачкы ийгилиги 2018-жылы болгон. Турнир Бишкек шаарында өтүп, эң чоң сумма бир командага 2000 $ доллар болгон.

«Кыргызстанда киберспортту түшүнгөндөр аз. Андан сырткары  профессионалдык деңгээлде ойногон кыргызстандык кыздар жокко эсе. Компьютердик оюндарды ойногон кыздарга көбүрөөк жаман пикирлер келет. Мен аларды коркпоого чакырам. Мындан улам кыздар арасында көбүрөөк жайылтып, Кыргызстанды таанытууну максат кылгам. Дүйнөнүн алдыңкы командасы болуу жана топ 1 оюнчуга айлануу. Кыргыстанды көп адамдар таанып Казакстан менен алмаштырбаса экен дейм», — дейт Алагозова.

Мындан сырткары Жамиля түз эфирлерге чыгып, жаш киберспортчуларга жол көрсөтөт. Көбүнчө жаңы спортко кадам таштаган кыздарга өз кеңешин берип, тажрыйбасы менен бөлүшөт. Бул спорт менен ал сынды туура кабыл алууну үйрөнгөн. Ал эми атаандаштык, сабырдуулукка, максаттарына жетүүдө туруктуулукка көндүргөн.

Автор: Айдан Осмонова

Автор Т-медиа 11888 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*