Өзгөндүн жер көчкү коркунучу бар аймактарында өзгөчө кырдаал жарыяланды

Өзгөн районунда 18 турак үйгө коркунуч пайда болуп, өзгөчө кырдаал жарыяланды. Кечээ 22-март күнү, саат 05:00 чамасында Жалпак-Таш айыл аймагынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1 млн. м3 жер көчкү түшкөн.

ӨКМден билдиришкендей, учурда аталган аймактын тургундары толугу менен коопсуз жайга көчүрүлгөн.

«Өзгөн районунун Жарандык коргонуу кызматтарына «айгай» жарыяланып,  райондук атайын кызматтан 24 куткаруучу, айыл өкмөт тарабынан 40 адам, 1 ХОВО, 5 портер, 3 камаз, 1 жүктөгүч жана жеке унаалар тартылып, 18 турак үйдүн 195 тургуну жеңил үй тиричилик буюмдары менен Куршаб айылына көчүрүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Жеринде ӨКМ менен жергиликтүү бийлик тарабынан көчкүнү көзөмөлдөөгө нөөмөт уюштурулган. Жер көчкү акырындан жылып, учурда турак үйлөргө 120 метр калган.

Аталган аймактагы жер көчку түшүү коркунучу 2017-жылдын жаз айларында активдешип баштаган.

Автор: Асем Улукбек кызы

Автор Т-медиа 11888 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*