
Баткендеги кургак учукка каршы күрөшүү борборунун имараты авариялык абалда. 44 жыл мурун курулган имараттын дубалы жерге батып, жыгачтары чирип, оңдоп-түзөөгө жарабай калган. Бирок 45 жыл мурун салынган имарат дагы деле бейтаптарды кабыл алып, дарылап жатат.
Мекеменин жетекчиси бул көйгөйлөрүн айтып, тиешелүү жактарга кат жолдогон.
«Эшик айнектерин алмаштырдык. Бирок аларды эски дубалдарга орнотуу бир топ кыйынчылык жаратты. Кыш мезгилинде эски эшик айнектерден муздак аба кирип, бейтаптарга жылуулукту камсыздап бериш өтө кыйын болуп калган. Анан кече күнкүдөй жер титирөөлөр катталса биздин оорукана ага туруштук бербейт», — дейт Кургак учук менен күрөшүү борборунун Жеңишбек Шарипов.
Баткен архитектура кызматы эски имаратттарды текшерүүдөн өткөрүп, талапка жооп бербесе адам өмүрүнө зыяны тийип калганга чейин түрттүрүп салуу керек деген пикирин билдиришкен.
Автор: Асем Улукбек кызы, Аскар Баймуратов
Оставьте первый комментарий