Дыйкандар үчүн 4,5 млрд сомго техника лизингге берүү пландалууда. Кантип алса болот?

Айыл чарба министрлиги тарабынан быйыл дыйкандарга 4,5 млрд сомго чейин айыл чарба техникалары лизингге берилет. Бул тууралуу «Т-Медиага» айыл чарбаны механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаментинин директору Нурланбек Кожогулов билдирди. 

Анын айтымында акыркы 3 жылдан бери айыл чарба техникаларын лизингге берүү өсүп жатат. 

 

«Бул албетте жылдан-жылга эки эсеге өсүп жаткандыгын көрсөтөт. Бүгүнкү күндө дагы дыйкандарыбыздан келип жаткан суроо-талап абдан көп. Ошондуктан быйылкы жылы биз 4-4,5 млрд сомго 1200-1500 даана техниканы дыйкандарга берсек деп болжолдоп жатабыз», — деп билдирди Нурланбек Кожогулов.

Айыл чарба техникаларын кимдер, кантип алса болот?

Айыл чарба техникаларын лизингге бардык эле дыйкандар, дыйкан чарбалары, жеке ишкерлер, айыл чарба кооперативдери же болбосо мамлекеттик ишканалар да ала алышат. Лизинг аркылуу техникалык каражаттарды алуу үчүн алгач дыйкандар айыл банктын өзү жашаган аймактагы филиалдарына кайрылса болот. 

Лизинг бул насыяга алуунун эле бир түрү. Ал Кыргызстанда 7 жылдан 10 жылга чейинки убакытка берилет. Бирок дыйкан өздүк салым кошушу керек. Мисалы, дыйкан 1 млн. сомдук техниканы ала турган болсо анын 10 пайызын (100 миң сомун) төлөшү керек болот. Ал эми калган сумманы банк кошуп төлөп берет. 

«Эгерде дыйкандын өздүк бизнес планында 7 жылдан 10жылга чейин убакыт аралыгында төлөй алам десе алса болот. Бирок, жери, чакаан өндүрүшү начарыраак же жаңы баштап жаткандар болсо, анда мен техниканы алуунун зарылчылыгы жок деп кеңеш берет элем», — деди Нурланбек Кожогулов.

Ал эми министрликтин өкүлү мындай иш-чара бир гана баш калаада эмес, өлкөнүн бардык аймактарында болоорун билдирди. Учурда мекеме тарабынан эң көп техниканы лизингге Чүй облусунун дыйкандары алган. Анткени айыл чарба багытында иштетилген жерлердин 33 пайызы ушул облуста. 

Автор Максат Боронбаев 52 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*