
Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров («Мекенчил») мандатын тапшыруу тууралуу арыз жазганын билдирди. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасына пост жазып, арыздын сүрөтүн жарыялады.
Ал өзү катышкан мушташ талкуу жаратканын, окуянын олуттуулугун түшүнүп, жоопкерчиликти сезип жатканын белгилеген. Ошондой эле мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экенин айтты. Депутат ошондой эле шайлоочуларынан, сабалган жигиттен, анын үй-бүлөсүнөн жана жакындарынан кечирим сурады.
«Ушуга байланыштуу мен окуяны талдап, терең ой жүгүртүп, өз каалоом менен депутаттык мандатымы тапшыруу чечимин кабыл алдым. Албетте, бул чечимди кабыл алуу оңойго турган жок. Анткени борбор калаабыздын Ленин районундагы 11 миң 813 шайлоочу мага ишенип, алардын өлкө парламентиндеги өкүлү болуу укугун берди эле. Тилекке каршы, болуп өткөн окуядан кийин депутаттык кызматты мындан ары аркалоого моралдык укугум жок деп эсептейм», -дейт Абиров.
12-мартта соцтармактарда бир топ эркек кишилердин мушташкан видеосу тарап, анда белгисиз адамды сабап жаткан киши депутат Жаныбек Абировго окшош экенин айтылган.
Октябрь райондук милициясы 12-март түнкү саат 03:30 чамасында белгисиз адам Элебаев көчөсүндө жайгашкан ресторандардын биринде коомдук тартипти жана жүрүм-турум нормаларын бузуп, жарандын денесине залал келтиргенин билдирген. Милициядан аталган факты маалымат журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын, ошондой эле окуянын бардык катышуучулары аныкталганын билдиришкен. Бирок видеодогу депутат Абиров же ал эмес экени тууралуу маалымат беришкен эмес.
Ал арада президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев депутат катышкан окуя боюнча Садыр Жапаров кабардар экенин, Ички иштер министрлигине окуяны ар тараптуу иликтөө тапшырмасы берилгенин билдирген. Ал эми Бишкек шаардык милициясы 14-мартта 34 жана 35 жаштагы эки киши кармалып, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилгендигин, аларга карата «Бейбаштык» беренеси менен иш козгогонун маалымдаган.
14-мартта депутат кыргызстандыктардан кечирим сурап «Фейсбукка» пост жазган.
Бул окуядан кийин башкы прокурор Курманкул Зулушев эл өкүлүн кылмыш жообуна тартуу үчүн Жогорку Кеңештин макулдугун сураган. Абиров депутаттык кол тийбестикке ээ жана аны жоопко тартуу үчүн парламенттин макулдугу керек.
15-мартта Жогорку Кеңеште Абировдун иши боюнча комиссия түзүлгөн. Алардын чечими 10-30 күн ичинде чыгарылат. Андан соң маселе парламенттин жалпы жыйынында каралып, добуш берүүгө коюлат.
Жаныбек Абиров 2021-жылы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.
Оставьте первый комментарий