
Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндөгү кароосуз калган жерге эс алуучу бак курулат. Анын аянты 8063 чарчы метрди түзөт.
Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришкендей, куруу, оңдоп-түзөө иштерине жергиликтүү бюджеттен 28 млн. 289 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.
«Бул бөлүнгөн каражат жалпы баа. Тендер жарыялана элек. Андан соң дагы өзгөрүшү мүмкүн. Мурда бул жер кароосуз калган сквер болчу», — деди шаардык мэриянын маалымат катчысы Кабылбек Көчкөнбай уулу.
Эс алуучу бакка оргума, тротуарлар курулуп, отургучтар оңдолуп, жарыктандырылат.
Автор: Айдан Осмонова
Оставьте первый комментарий