Жалал-Абад мэриясы 100 млн. сомго электробустарды алууну көздөп жатат

Сүрөт интернеттен алынды

Жалал-Абад мэриясы электроавтобустарды сатып алуу үчүн 100 миллион сомго тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында жазылды.

Мэрия 100 миллион сомго он электроавтобус жана аларды кубаттоочу үч станция сатып алууну пландап жатат. Техникалык шарттарда автобустардын узундугу сегиз метрден кем эмес болушу керектиги жазылган. Ошондой эле ичи элүү кишиге ылайыкташып, 17 орундук болуусу шарт.

Жергиликтүү бийликтин билдиришинче, калаада муниципалдык автобус-троллейбустар дээрлик жокко эсе. Күнүнө 160 коомдук транспорт каттамга чыкса, анын жетөө гана муниципалдык автобустар. Алардын эскилиги жетип, жүргүнчүлөргө шарт да каралган эмес.

Автор Т-медиа 11888 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*