Максутов: маданият тармагын өнүктүрүүгө 1 миллиард сом бөлүнөт

Оштогу фестивалда тартылган сүрөт

Оштогу «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый археологиялык музей комплексинде улуттук музей фестивалы өтүп жатат. Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов да катышып, быйыл маданият тармагын өнүктүрүү үчүн 1 миллиард сом бөлүнөрүн билдирди.

Эки күнгө созулган иш-чарага республика боюнча 30га жакын мамлекеттик жана жеке менчик музей катышып жатат. Фестивалдын негизги максаты өлкөдөгү музейлердин ишмердүүлүгүн көрсөтүп, тажрыйба алмашуу жана аймактык музейлердин өнүгүүсүнө салым кошуу.

Маданият министри быйыл маданият тармагын өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлөт деп ишендирди. Анын айтымында, аталган министирликке караган имараттардын дээрлик 90 пайызынын абалы начар.

«Жылдын башында Мамлекеттик курулуш агенттиги менен бирге республика боюнча маданият министрлигине караган имараттарды текшерип чыктык. 90%га чейинкисинин абалы абдан начар.  Жакынкы арада маданият тармагын өнүктүрүү үчүн 1 миллиар сом которулат. Ошондо чечилбей жаткан маселелерибизди чечебиз. Бардыгына шарт түзгөнгө, жаңы техникаларды, экспонаттарды алганга каражат бөлүнөт»,- деди Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов.

Музйлердин көпчүлүгү оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый археологиялык музей комплексинде 23 жылдан бери капиталдык ремонт жүргүзүлгөн эмес.

Автор Т-медиа 11888 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*