Кыйноолорго каршы улуттук борбору убактылуу кармоочу жайларда укук бузууларды аныктады

Кыйноолорго каршы улуттук борбору Жалал-Абад облусунда райондук ички иштер бөлүмдөрүнө текшерүү жүргүзүп, укук бузууларды аныктаганын кабарлады. 

Борбордун маалыматында текшерүү учурунда соттун чечими менен эки айга Ош шаарындагы №5 тергөө абагына камалышы керек болгон шектүүлөр Ала-Бука жана Аксы райондорундагы убактылуу кармоочу жайларында отурганы маалым болду.

Ошондой эле, Кара-Көл шаарындагы убактылуу кармоочу жайда душ, даараткана жана желдетүү системасы, муздаткычтар иштебей турат. Санитардык нормалар толук сакталган эмес.

Кыйноолорго каршы улуттук борборунун кызматкерлери Чаткал районунун В.И.Ленин атындагы мектеп-интернатында текшерип, тамак-аш мыйзамда белгиленген нормалардан аз берилип жатканын аныктаган. Ар бир балага 350 граммдан берлиши керек болгон тамак, текшерүү учурунда 130-140 грамм гана болуп чыккан.

Бул аныкталган мыйзам бузуулар боюнча мамлекеттик органдарга тиешелүү каттар жөнөтүлдү.

 

Автор Наргиза Анарбай кызы 1462 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*