Ноокаттагы авариялык абалда пайдаланылып жаткан имараттар. Сүрөт

Ноокат районуна караштуу Көк-Бел айыл өкмөтүнүн жана аймактагы маданият үйүнүн имараты авариялык абалда. Ошол абалында оңдоп-түзөөдөн өтпөй иштетилип жатат.

Көк-Бел айыл өкмөтүнүн имаратын жергиликтүүлөр 2002-2003- жылдары ашар жолу менен куруп алышкан. Андан бери дээрлик 20 жыл өтүп, учурда эскирип, кооптуу абалга кептелген.

Ага жанаша жайгашкан маданият үйүнүн имаратында жер титирөөдөн кийин жаракалар пайда болгон. Андан сырткары дубалдын сырлары көчүп, полдун тактайлары чыгып кеткен. 

Айыл өкмөттүн башчысы Кутман Карабеков имаратты жаңыдан салууга айыл өкмөттө каражат жетишсиз экенин билдирди. 

«Жогору жактагылардын имараттын эски экени тууралуу маалыматы бар. Ушул жылы жооп келип калат деп үмүт кылып турабыз. Бүгүнкү күнгө чейин эки имарат тең иштейт. Жергиликтүү бюджет датацияда болгондуктан жаңы имарат кура албай жатабыз. Маданият министрлиги бузуп, кайрадан салганга каражат жетишсиз дегендиктен, биз капиталдык оңдоого сметасын бергенбиз. Бирок жооп келе элек» — деди Көк-Бел Айыл өкмөтүнүн башчысы Кутман Карабеков

Ал эми, Ноокат районунун акими бул имарттарды оңдоп-түзөө маселесин колго алып, каражат табууга аракет кыла турганын убадалады.

Автор: Айдана Осмонова, Нургелди Каныбек уулу

Автор Наргиза Анарбай кызы 1462 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*