Ошто террордук уюмдун мүчөсүнө жасалма паспорт даярдоого шектелген жаран кармалды

Ошто жергиликтүү жаран эл аралык террористтик уюмдун айрым мүчөлөрүнө жасалма паспорт даярдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коомпсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында ал, террордук аракеттерге катышканы үчүн издөөдө жүргөн өзбек жаранына кыргыз жаранынын паспортун жасоого аракет кылган. Бул үчүн граждандык абалдын актыларын жазуу, калкты паспорттоштуруу жана каттоо органдарындагы байланыштарын колдонгон.

Шектүүнүн жашаган жеринен эки паспорт табылды. Учурда аталган паспортторду даярдоонун жана берүүнүн мыйзамдуулугун аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1462 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*