
Ошто «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жетекчисине нааразычылыгын билдирип чыгышты. Алар мекеме башчысы жумушчуларга орой мамиле кыла турганын жана бөлүп-жарууга жол берип жатканын айтышты.
Кызматкерлердин нааразычылыгын укканы ишканага шаар мэри Бакытбек Жетигенов барган. Жыйынга мекеме башчысы Бекмурза Эргешов өзү да катышты.
Чогулган жумушчулар мэрге жетекчинин бир нече аракетин сындады. Ошондой эле, Бекмурза Эргешовдун бир тууган иниси да мекемеде иштеп жатканы, анын кызматкерлерге кысым көрсөтө турганы айтылды.
«Менин бул жерде иштегениме 10 жылдан ашты. Чындыгында Бекмурза Эргешов мен иштешкен 4-5-жетекчи. Мен ар кандай жетекчилерди көрүп келдим. Бирок мындай жетекчини көрө элекмин. Сурактары, интригалары токтобой койду. Эки жарым жылдын ичинде мени бир нече жолу чакырды. Болгону интрига боюнча урушабыз. Жумушум боюнча урушса мейли эле. Мен деле адаммын, ката кетирип жакандырмын. Бирок жумушум боюнча эмес, интрига боюнча урушат. Жетекчинин этикасы жөнүндө түшүнүк жок. Бизде интрига токтобойт. Мындай иштешүүгө качанга чейин чыдаса болот? Токтотсун» — деди кызматкердердин бири.
Нааразычылыгын айтып чогулгандардын айрымдары жумуштан кетүүгө даяр турганын билдирди.
«Мен эки ай мурун бул жерден иштен чыгып кеткем. Менин күнөөм Озгурдан болгонум болду. Жердешчилик мамилени да бир тараптуу карайт. Алайдан болсоң иштейсиң, болбосо жок»
«Ынтымакта болгула деп көп айтасыз. Бирок ынтымакты жок кылган өзүңүз болуп жатасыз. Сөз менен ынтымакта болгула деп койгон болбойт. Жок дегенде интриганы токтотуш керек болчу»
Жыйынтыгында шаар мэри Бекмурза Эргешовго инисин жумуштан алууну тапшырып, коллективдин нааразычылыгы боюнча комиссия түзүлөөрүн билдирди.
«Ишкана боюнча коммисия түзөлү, текшерип чыгалы. Ынтымак жок болсо, жумуш жүрбөйт да. Азыр ушул боюнча кетсе жумуш жүрөрүнө көзүм жетпейт. Кандай кыйын жетекчи болбо, коллективде ынтымак болсо гана жумуш болот да. Ошон үчүн териштирип карап чыгалы» — деди Жетигенов.
Бекмурза Эргешов 2021-жылы күздө Ош шаардык кеңешине депутат болуп шайланып келип, кийин мандатын тапшырган. Буга «Жылуулук камсыздоо» ишканасына жетекчи болуп дайындалганы себеп болгон. Былтыр 29-декабрда убактылуу кызматтан четтетилип, январда кайра ишине кайткан. Бирок мындай чечимге эмне түрткү болгону ачыкталган эмес.
2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо ал «Биримдик» партиясынан талапкер болгон. Ага чейин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын шаардык бөлүмүн жетектеген. Ошондой эле Эргешов шайлоодон кийинки башаламандыктарда Ош шаарынын борбордук аянтында 6-октябрда Жээнбековдорду колдоо митингин алып барган.
Оставьте первый комментарий