Абировдун ордуна ЖК депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга дайындалды

Сүрөт: t-media.kg/Наргиза Анарбай кызы

Бишкекте Жаныбек Абировдун бош калган мандатынын ордуна эл өкүлүн мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга дайындалды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. 

Шайлоону өткөрүүгө 1 округдук шайлоо комиссиясы жана 51 УШК ишке киришти.

27-мартта бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча шайланган депутат Жаныбек Абиров өз арызы менен мандатын тапшырган.

Ага чейин эл өкүлүнүн ресторандардын биринде белгисиз жаранды ур-токмокко алган видеосу тарап, сынга кабылган. Бул окуядан кийин башкы прокурор Курманкул Зулушев эл өкүлүн кылмыш жообуна тартуу үчүн Жогорку Кеңештин макулдугун сураган. Себеби, Абиров депутаттык кол тийбестикке ээ жана аны жоопко тартуу үчүн парламенттин макулдугу керек эле.

15-мартта Жогорку Кеңеште Абировдун иши боюнча комиссия түзүлгөн. Алардын чечими 10-30 күн ичинде чыкмак.

28-мартта мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого абактагы саясатчы Равшан Жээнбеков да катыша турганын билдирди.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1462 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*