Кара-Суу: мектепте ууланган окуучулардын 18и ооруканада, абалы канааттандыраарлык

Сүрөттүн автору: t-media.kg / Улукбек Сали уулу

Кара-Суудагы мектепте ууланып ооруканага жаткырылган окуучулардын абалы канааттандыраарлык. Бул тууралуу Ош облустук балдар ооруканасынын нөөмөттөгү дарыгери Тамырлан Абдыкадыров «Т-Медиага» билдирди. 

Дарыгердин мааалыматында кечээ ооруканага атырдын жытына ууланганын айтып жалпы 44 окуучу кайрылган. Алардын 18и дарыгердин көзөмөлүндө калып, калганы биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө жиберилген. Беш окуучу жандардыруу бөлүмүнө жаткырылып, бүгүн абалы жакшыргандан соң чыгарылды.

«Келгенде абалы оор 5 бала дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Кийин абалы жакшыргандан соң бөлүмгө которулду. Калган бейтаптарын азыркы абалдары дээрлик канааттандыраарлык. Балдар белгисиз затка ууланган. Өздөрүнүн айтуусу боюнча атырдын жытына. Бирок бизде так маалымат жок. Жакын арада отурган балдардын абалы бираз кооптуураак болуп, башы, ичи ооруп, колдору карышып, титиреп жатты. Баарына өз убагында медициналык жардам көрсөтүлдү» — деди Абдыкадыров. 

29-мартта Кара-Суу районундагы №101 Кумар Момбекова атындагы орто мектебинин 6-классынын окуучулары ууланып ооруканага түшкөнү кабарланган. Алардын 43ү бир класстын, бирөө башка класстын окуучусу. Балдардын айтымында окуучулардын бири класска атыр сээп, эшик, терезелерди жаап койгон. Бөлмөнүн ичинде калган окуучулар анын жытынан өзүн жаман сезип, айрымдары эсин жоготуп жыгылган.

 

Автор Наргиза Анарбай кызы 1462 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*