
Жарандык активист Болот Ибрагимов президент Садыр Жапаровдун коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу 31-мартта «Т-Медиага» өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
«Коомдук башталыштагы кеңешчилер айлык албайт. Ибрагимов коррупция менен күрөшүү боюнча маселелерде кеңеш берет», -деп билдирди Султанбаев.
Болот Ибрагимов ким?
Болот Ибрагимов 33 жашта, Бишкек шаарында төрөлгөн. Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына шайлоого катышкан. Ал коомчулукка блогер жана укук коргоо органдарындагы коррупция менен күрөшкөн Safari кыймылынын негиздөөчүсү катары белгилүү. Буга чейин ал жолдогу маичилердин жосунсуз жоруктарын, коррупциялык аракеттерин ашкерелеп келген.
2021-жылдын октябрында Жогорку Кеңешке «Эл Үмүтү» саясий партиясынын тизмесинде катышкан. Андан сырткары «Биздин эл» партиясынын мүчөсү катары Бишкек шаардык кеңешке шайлоого барган.
Оставьте первый комментарий