Кара-Сууда ууланган балдардын бешөө үйлөрүнө чыгарылды

Сүрөттүн автору: t-media.kg / Улукбек Сали уулу

Кара-Сууда районунда атырдын жытына уулаган балдардын 12си дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалдары туруктуу. Беш окуучу бүгүн,  үйлөрүнө жиберилген. Бул тууралуу «Т-Медиага»  Ош облустук балдар ооруканасынын жетекчиси  Равшан Маметов билдирди.

«Бүгүн кечке чейин дагы калган окуучулар да чыгарылышы мүмкүн», — деди дарыгер.

Эске салсак, 29-мартта Кара-Суу районундагы №101 Кумар Момбекова атындагы орто мектебинин 6-классынын окуучулары ууланып ооруканага түшкөнү кабарланган. Алардын 43ү бир класстын, бирөө башка класстын окуучусу болгон. Балдардын айтымында окуучулардын бири класска атыр сээп, эшик, терезелерди жаап койгон. Бөлмөнүн ичинде калган окуучулар анын жытынан өзүн жаман сезип, айрымдары эсин жоготуп жыгылган.

Автор: Айдана Осмонова

Автор Т-медиа 11888 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*