
Ош шаарында Жолон Мамытов атындагы парк оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп пайдаланууга берилди. Аталган сейил бакка жалпысынан 19 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн.
Долбоорго ылайык, ал жерде балдар аянтчасы, спорттук жай, эс алуучу орундуктар жана жарыктандыруу системалары орнотулган.
Сейил бактын жалпы аянты 70 сотыхты түзүп, учурда ал жерди жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери журүүдө.
Аталган сейил бак 2013-жылы шаардын Ак-Тилек кичи районунда курулуп, белгилүү акын Жолон Мамытовдун аты берилген болчу.
Автор: Асем Улукбек кызы
Оставьте первый комментарий