Орус пропагандасы жанан анын кыргызстандыктарга тийгизген таасири?
Орусия Украинага басып киргенден бери орусиялык бардык маалымат каражаттары орус өкмөтүнүн катуу көзөмөлүндө. Салттуу ЖМКлар (телекөрсөтүү, радио жана гезиттер) жана онлайн медиа (веб-сайттар, мобилдик тиркемелер жана социалдык медиа платформалары) аркылуу берилген маалыматтар өлкөдө да, чет өлкөдө да пропаганданы жайылтуу үчүн активдүү колдонулуп келүүдө.
Кыргызстан орус пропагандасы өзгөчө резонанс жараткан өлкө. Анткени эки өлкөнүн ортосуна бекем саясый, экономика жана тарыхы байланыштар бар. Ошондой эле, Кыргызстанда орус тили кеңири колдонулат жана Орусиялык маалымат каражаттарына альтернативалуу жергиликтүү жана эл аралык каналдардын атаандаштыгы жокко эсе. Бул тууралуу эл аралык уюмдун атайын илиздөөсүндө айтылат.
Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан Европалык коопсуздукту изилдөө борборунун (CESS) EUCAM программасы орус пропагандасы жана анын Кыргызстанга тийгизген таасири боюнча 3 багытта изилдөө жүргүзгөн.
Алар:
Орусиялык маалымат каражаттарынын Кыргызстандагы чагылдыруу картасы;
Кыргызстандагы орусиялык маалымат каражаттарындагы пропагандасы;
Бул маалымат каражаттарынын жана алардын билдирүүлөрүнүн Кыргызстандагы аудиториянын кабыл алуусу.

Изилдөө 2022-жылдын 24-февралынан 1-декабрына чейин жүргүзүлгөн.
Изилдөө көрсөткөндөй, Кыргызстанда орусиялык пропаганданын масштабы абдан чоң. Пропаганда бардык салттуу ЖМбКларды камтыйт жана ошондой эле Биринчи канал жана Московский комсомолецтен тартып YouTube жана ВКонтакте жана Telegram социалдык медиа платформалары аркылуу бардык жерде колдонулат.
«Кыргызстандагы изилдөө тобу алгач өлкөдөгү эң ири орусиялык маалымат каражаттарынын картасын түздү. Экинчи этапта Орусиянын жети телеканалынан жана үч гезиттен жаңылыктарды чогултуп, классификациялап, талдап, контент базасын карашты. Ошол эле учурда Кыргызстанда (Бишкек, Нарын жана Ош) орусиялык пропаганда кандай кабыл алынып жатканын баалоо үчүн алты фокус-топтук жолугушуулар өткөрүлдү», — деп айтылат изилдөөдө.

«Украина», «Батыш» жана «Орусия». Орус ЖМКларындагы негизги маалыматтар
ЖМКларында Орусиянын Укранинага согушу башталышы менен медиа керектөөчүлөрдүн көңүлүн дайыма өзүнө бурууга багытталган атайын жаңылыктары да көбөйгөн.
Изилдөөгө ылайык, Кыргызстандагы орус ЖМКларындагы маалыматтары төрт негизги билдирүүгө бөлүүгө болот. Алар Украина, Батыш, Орусия жана Кыргызстан жөнүндө.
Алардын көбүндө Украина бир жагынан эч кандай негизи жок жасалма мамлекет катары көрсөтүлсө, экинчи жагынан Батыш колдогон нацисттер тарабынан башкарылган жана талкаланган Орусиянын ажырагыс бөлүгү катары көрсөтүлгөн.
«Орус пропагандасы душмандын – жамааттык жана жаман Батыштын кеңири образын жаратат, ал өзүмчүл максаттар менен башка өлкөлөрдүн иштерине кийлигишип, бүткүл дүйнөдөгү көйгөйлөрдү козгойт. Батыштын адепсиз саясатына негизинен улуу Орусия жана орус дүйнөсү каршы. Бул жагынан алганда, Орусия Батыштын агрессиясына Украинада жооп берүүгө аргасыз болду. Кыргызстан экономикасы (эмгек мигранттарынын эсебинен) жана коопсуздугу боюнча (биринчи кезекте ЖККУнун эсебинен) Орусиядан көз каранды болгон орус дүйнөсүнүн уландысы катары көрсөтүлөт», — деп айтылат изилдөөдө.
Кыргызстандагы коомдук пикир көбүнчө орусиялык маалыматка таянып калыптанат. Кыргызстандыктардын көпчүлүгү телевидениени маалыматтын негизги булагы деп эсептешет. Интернет булактарына жана социалдык тармактарга үзгүлтүксүз кирген адамдар интернетте көргөндөрүн экинчи жолу текшерүү үчүн маалымат булагы катары сыналгы колдонушаарын айтышкан.
Жергиликтүү маалымат каражаттары аз, ресурстары чектелүү жна аларды коррупциялашкан саясатчылар башкарат деп эсептешет. Популярдуулугу аз батыш маалымат каражаттары адеп-ахлаксыз жана кыргызстандыктардын көпчүлүгүнө жат. Орус пропагандасы коррупциялашкан жергиликтүү жана адеп-ахлаксыз батыш медиасынын арасында ишенимдүү жана туруктуу ортолук катары кабылданат.

Орусиянын телеканалдары Кыргызстанда салык төлөөчүлөрдүн эсебинен акысыз көрсөтүлөт
Изилдөө Ош, Нарын облустары жана Бишкек шаарын камтыган
Изилдөөгө 18ден 60 жашка чейинки 58 адам катышкан. Алар ар кандай профессионалдык, этникалык жана тилдик топтордун өкүлдөрү болушкан.
Бишкекте сурамжылоо орус тилинде жүргүзүлсө, Ошто орус жана кыргыз тилдеринде аралаштырылып, Нарында талкуулар толугу менен кыргыз тилинде өткөн.
Орус маалымат каражаттары Кыргызстандагы аудиторияга көптөгөн каналдар аркылуу чоң көлөмдөгү жаңылыктарды жеткирет. Бардык негизги пропаганда жана жаңылык берүүлөрүн камтыган Биринчи канал, Мир, НТВ жана Вести (онлайн режиминде жана ВГТРК РТР, Россия 1 жана Россия 24 каналдарында жеткиликтүү) кыргыз аудиториясына акысыз көрсөтүлөт, анткени кыргыз өкмөтү алардын көрсөтүүлөрүн салык төлөөчүлөрдүн эсебинен субсидиялайт. Кыргызстанда Sputnik маалымат агенттигинин, «Мир» телерадиокомпаниясынын жана үч гезиттин өкүлчүлүктөрү бар.
КТРК — өлкөдөгү эң ири канал. Орусиялык делегациянын 2017-жылы Кыргызстанга болгон иш сапарында КТРКнын директору менен сүйлөшүүлөрдөн кийин айрым орус телеканалдары аталган каналдын социалдык пакетине киргизилген. Башкача айтканда алар мамлекеттик бюджетте дотацияда турат. Орусиянын мамлекеттик телеканалдары Кыргызстанда де-факто мамлекеттик каналга айланган. Демек, алар Кыргызстандын мыйзамдарына баш ийиши керек, ага ылайык контенттин 50 пайыздан кем эмеси ата мекендик өндүрүштө жана кыргыз тилинде болушу кажет болчу. Бирок, алар де-юре чет өлкөлүк болгондуктан, ишмердүүлүгү эл аралык келишимдер менен жөнгө салынып, Кыргызстандын мыйзамдарын айланып өтүүгө мүмкүндүк берип келет.
Кыргызстандагы орусиялык маалымат каражаттары стили, репертуары, басымдуу тематикалык багыты жана пропаганда ыкмалары менен айырмаланат. Кээ бирөөлөр Путинге жана орус чиновниктерине көңүл бурушса, башкалары расмий баяндамаларды айрым пропаганда сөздөрү менен айкалыштырып кырдаалды аудиторияга жакшы багытта чагылдырышат. Кээ биринде жергиликтүү орустардын батышты сындаганын жана Орусияны колдогон кыргыздардын «эксперттик» пикирлерине орун берилет.
Новости России и мира, Комсомольская Правда жана Аргументы и Факты деген үч гезиттин тең Кыргызстанда жергиликтүү бөлүмдөрү бар, бирок алар орус тилинде чыгып, толугу менен орусиялык жаңылыктардын күн тартибине багытталган. Гезиттер басма жана онлайн түрүндө да бар. Sputnik маалымат агенттигинин Кыргызстанда да жергиликтүү бөлүмү бар жана орус жана кыргыз тилдеринде жарыялайт.
Орус пропагандасы Украинадагы согуш, Батыштын позициясы, Россиянын максаттары жана Орусия менен Кыргызстандын мамилеси тууралуу көз карашты сунуш кылган төрт блокко бөлүнөт. Биринчи сегментте Украина нацисттер өлкөнүн бир бөлүгүн басып алган жасалма мамлекет катары сүрөттөлөт. Орус пропаганасына ылайык, Украина орус мурасын көрмөксөнгө салып, Батышты көздөй «чаташты» деп айтууга болот.
Экинчи сегментте Батыштын өзү моралдык жактан төмөндөп кеткен. Үчүнчүдөн, Орусия моралдык баалуулуктардын коргоочусу болуп саналат, анткени ал Батышка каршы туруп, муктаж болгондорго жардам көрсөтөт. Орусия улуу жана ыйык. Ал башкаларга (Украина сыяктуу) Батышка туруштук берүү менен жол көрсөтүп жатат.
Кыргызстан тууралуу төртүнчү сюжеттик линияда Кыргызстан орус дүйнөсүнүн уландысы катары көрсөтүлөт. Ошондой эле, «көз карандылык» түшүнүгү дайыма баса белгиленет. Бул жалпы темалардын ичинде ар бир маалымат булагынын өзүнүн репертуары бар болгондуктан, маалымат каражаттары боюнча айырмаланган ар кандай суб-темалар бар.

Согуш эмес атайын операция
Биринчи каналдын маалымат материалдарынын биринде да Орусия менен Украина тууралуу «согуш» деген сөз колдонулбайт. Алар баскынчылыкты «демилитаризация», «Украинаны деназиялаштыруу», «Украинадагы операция», «атайын операция», «камсыз кылуу боюнча атайын операция» деп атаган. «Украинадагы окуялар», «Украинанын айланасындагы кырдаал», «Украина чатагы» жана ушул сыяктуус сөздөр колдонулат. Биринчи каналда Украинанын жасалма түрдө түзүлгөн мамлекет экендиги тууралуу макалалар, жаңылыктар, видеолор жана даректүү тасмалар мезгил-мезгили менен чыгып турат.
Бул сыяктуу маалыматтарды Sputnik.kg сайты да жаза баштаган. Адегенде Биринчи канал да, Sputnik.kg да АКШ менен Европадан курал-жарак жана аскердик техника жеткирилип жатканы тууралуу бир эле кабарды жазып чыгышкан. Анткен менен согуш башталгандан жарым жыл өткөндөн кийин ал кабарлар өзгөрөт: Sputnik.kg сайты «Батыш Украинага курал берүүнү кыскартууда», «Европа Украинага курал берүүдөн тажады», «Европа чарчады» деп жаза баштаган.
Ошондой эле, Sputnik.kg агенттиги атайын операцияга катышкандарга ооруканаларда, бала бакчаларда жеңилдиктер, банк төлөмдөрүн кийинкиге калтыруу сыяктуу жеңилдиктерди байма бай жарыялап, мобилизацияга тартылгандар 195 000 рубль (болжол менен 2 500 евро) төлөм алышканын бир нече ирет жазып, Кыргызстандагы аудиторияга орус армиясына кошулуу кирешелүү бизнес экенин кабарлап келет. Бул өз учурунда кыргызстандыктардын ал жакка азгырылуусуна таасирин бериши мүмкүн.
Чет өлкөгө чыгууну каалагандар үчүн КМШ өлкөлөрүндөгү багыттар орус жарандары үчүн «ачык» катары көрсөтүлөт. Батыштын санкциялары андан ары Орусияга эмес, аларды киргизген өлкөлөргө зыяндуу катары баяндалат. Германиянын орус газы жок тоңуп жатканын, Польшанын орус көмүрү жок кыйналып жатканын жазышат. Улуу Британиядагы каржы көйгөйлөрү россиялык алтынга кирүү мүмкүнчүлүгүн жоготуу менен байланышкан жана Европадагы орус активдеринин тоңдурулганы бүтүндөй доллар системасына коркунуч катары көрсөтүлөт.
Согуштун алгачкы айларында Биринчи канал европалык лидерлер менен Путиндин телефондук сүйлөшүүлөрүн чагылдырып, Европага карата бейтарап позицияны карманган. Кээ бир жаңылыктар атүгүл кээ бир европалык мамлекеттердин Орусиянын аракеттерин колдой турганын баса белгилешкен. Андан кийин Улуу Британия, Германия, Франция жана Нидерландия өңдүү өлкөлөр Украинага курал-жарак бергени үчүн сынга кабылды.
Батыш гомосексуализмди жана баңги заттарды жайылтуу максатын көздөгөн дүйнөлүк жашыруун өкмөткө катышкан күч катары көрсөтүлөт. Бул баяндар фокус-группалардын жүрүшүндө да пайда болду. Катышуучулардан «Батыш медиасы» менен кандай байланыштары бар экенин сүрөттөп берүү суралганда, көпчүлүк муну ЛГБТ сыяктуу бөтөн жана адеп-ахлаксыз баалуулуктарды жайылтуу катары баалашкан.

Ыйык Орусия жана анын дүйнөсү
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) Орусиянын жумшак күчү жана таасиринин негизги инструменттеринин бири орус тили болуп саналат. Орус тили КМШ өлкөлөрүн бириктирүүчү тил катары жана бардык мүчө-мамлекеттер түшүнгөн жалгыз тил катары берилген. Орус тилинин ордуна жергиликтүү тилдерди колдонууга аракет жасалганда, орусиялык маалымат каражаттарында эмоционалдык реакция пайда болот.
Ошентип, «Вести» журналисттери орус тилине караганда жергиликтүү тилди артык көргөн кадамдарды «кырсык», «толук тазалоо» жана «антиорусиялык чаралар» деп аташат. Маселен, Латвия орус телеберүүлөрүн чектеп, орус тили сабагын факультативдик кылып койгондо, орус бийликтери жана журналисттери муну орусофобия, шовинисттик цензура жана медиа геноцид деп аташкан.
Ошол эле учурда, медиа пропагандада орус тилинин негизги ролу баса белгиленет. Маселен, «Вести» гезити украиналык спортчулар орусча сүйлөшөрүн, ФИФАнын (Футбол ассоциацияларынын эл аралык федерациясы) орус тилин киргизгенин, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин казакча эмес, орусча сүйлөгөндү артык көрөрүн жазган.
Совет доору алтын доор катары көрсөтүлөт. Совет мезгилинде Орусия өзүнүн курамындагы республикаларды багып келген жана азыр да багып келет. Бирок, кээ бир республикалар ыраазы болбой, адашып, азгыруучу кара ниет Батыш менен кызматташууну артык көрүшөт. Экинчи дүйнөлүк согушка окшошуп, пропаганда Украинанын Батыш менен кызматташтыгын нацизмге теңейт.

Мобилизациянын орус ЖМКларында чагылдырышылы
Орустардын Борбор Азияда мобилизациядан качканы тууралуу маалымат өтө аз. РБК мобилизациядан качкан орусиялык жарандардын миграциясы Борбор Азиянын экономикасы жана тейлөө жана мейманкана бизнесинин өнүгүшү үчүн пайдалуу экенин белгилейт. Кабарлар накталай акчанын жана адамдык капиталдын агымына көңүл бурат.
Кыргызстан менен Орусия алакасы орус ЖМКлардын чагылдыруусунда
2022-жылдын 26-февралында орус өкмөтүнүн Кремлдин расмий сайтында:
«Кыргызстандын демилгеси боюнча Владимир Путин менен Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун телефондук сүйлөшүүсү Орусиянын Украинадагы атайын аскердик операциясынын айланасындагы кырдаалга арналды. Садыр Жапаров Минск келишиминин бузулушуна Киев жооптуу экенин айтып, Орусиянын Донбасстын карапайым калкын коргоо боюнча чечкиндүү аракеттерин колдоорун билдирди. Владимир Путин Кыргызстандын президентине принципиалдуу тилектештиги үчүн ыраазычылык билдирди. Президенттер Россия менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана бардык тармактарда союздаштык мамилелерди чыңдоого эки тараптын ниетин ырасташты», — деген билдирүү чыккан.
Муну Мир, МК, Sputnik.kg жана Биринчи канал баш болуп «Кыргызстандын президенти Орусиянын Донбассты коргоо аракетин колдоду» деп жазып чыгышкан.
Ал арада Бишкектен Кыргызстан Орусиянын аракеттерин колдойт деген расмий билдирүү чыга элек болчу. Бирок 2022-жылдын 9-мартында бул жагдайда Кыргызстандын бейтараптуулугу тууралуу билдирүү жасалды. Орусиянын 2022-жылдын февраль айында Украинага басып киришине бекем жана ырааттуу жооп болбогондугун эске алуу менен, Орусиянын шартсыз колдоо билдирүүлөрү аудитория тарабынан кабыл алынып, фокус-топтук талкууларда резонанс жаратты.
Кыргызстандагы кырдаалды жана Орусиянын Борбор Азия менен мамилесин чагылдырууда Новости дня России саясий, экономикалык жана коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурат. Аталган басылма билдирүүлөрүндө Борбор Азияга Орусия «ички чыр-чатакты чечүү үчүн үчүнчү тарап», «экономикалык өнөктөш», «стратегиялык өнөктөш» жана бул республикаларды тышкы зыяндуу таасирлерден сактап кала турган «саясий өнөктөш» катары керек деген ой көп берилет.
Борбор Азия өлкөлөрү Орусия менен Батыштын ортосундагы «геосаясий кризистин» шартында эл аралык аренада көз каранды жана өз алдынча аракеттенүү эркиндигинен ажыратылган өлкөлөр катары көрсөтүлөт.
Дагы бир МКдагы репортаж Кыргызстандын жаштарын Батыштын, социалдык тармактардын жана ааламдашуунун деструктивдүү таасиринен сактап калуу керек деген идеяны активдүү жайылтат. Жаштар арасында аскердик-патриоттук баалуулуктарды калыптандыруу зарылдыгын жактаган аргументтер келтирилет. Бул баяндамаларда социалдык тармактар радикализмдин жана экстремизмдин булагы катары көрсөтүлүп, мектептерде милдеттүү аскердик билим берүү келечекте өлкөнү коргоо зарылдыгы менен негизделет.
«Азыр жаштарыбызга сырттан келген идеялар сиңип жатат, алардын максаты күчтүү жана эгемендүү Кыргызстанды өнүктүрүү эмес», - деп 2022-жылдын апрель айында Баткен окуясында Путинге кайрылуусу менен белгилүү болгон саясат таануучу Азамат Темиркуловду цитата кылган. Темиркулов Путинден жана ЖККУдан кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын курчушун токтотуу үчүн бардык мүмкүн болгон дипломатиялык, керек болсо аскердик чараларды көрүүнү суранган. Алты айдан кийин президенттик аппараттын реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.
Кыргызстанда эгемендүүлүк менен кошо «бардыгын жоготуунун» себеби катары мамлекеттик идеологиянын жоктугу көрсөтүлүүдө. Орус маалымат каражаттары өз ойлорун айтып, жергиликтүү эксперттерге таянып, батыштан кирип жаткан жат идеологияларга каршы демилгелерди түзүү зарылдыгын баса белгилешет. Бул баяндар фокус-группаларда да резонанс жаратып, катышуучулар жаштар менен иш алып баруу жана аларды патриоттук духта тарбиялоо зарылдыгын айтышты. Фокус-группалардын катышуучулары ошондой эле Кыргызстанда улуттук идеологиянын жана мамлекеттик пропаганданын зарылдыгын баса белгилешкен.
«Мир» МТРКсы Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы жемиштүү жана өз ара пайдалуу мамилелер тууралуу баяндайт. Орусия Кыргызстанга ар тараптан жардам берип жаткансыйт: «Орусиялык билим берүү долбоору Орусия Федерациясынан Кыргызстанда сабак бере турган мугалимдердин санын көбөйтүүгө даяр», «Кыргызстандын алыскы айылдарында ыктыярчы мугалимдер сабак берет», «Орусиялык билим берүү жумалыгы Кыргызстанда өткөрүлөт', 'Жүрөккө жардам: Россиялык кардиохирургдар Кыргызстандагы балдарга бекер операция жасашат» деген маалыматтар Орусия Кыргызстанга жол көрсөтүп, жардам колун сунган өлкө катары көрсөтүлсө, Кыргызстан Орусияга теңелип, реципиент мамлекет катары көрсөтүлөт.
2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштарды чагылдырган «Мир» эки мамлекеттин расмий пресс-релиздериндеги маалыматтарга таянса, Орусия жаңжалда ортомчу, ал эми ЖККУ коопсуздуктун кепили катары чагылдырылган.
AIF Кыргызстанды Орусия менен байланыштыруу үчүн совет доорундагы негизги майрамдарды активдүү колдонот. Албетте, негизги окуя 9-майда белгиленүүчү Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү. «Өлбөс полк» деген макаласында АИФ өлкөдө уюштурулган бардык иш-чараларды санап чыккан. Бул окуялардын айрымдары Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин көңүлүн буруп, Ички иштер министрлиги «Z» белгиси бар аскердик кийимчен параддарды өткөрүүгө тыюу салганын жарыялаган.
Ал эми Орусияда иштеген мигранттар боюнча кабарларында «гастарбайтер» деген атка кондуруп, көзөмөлдү күчөтүү чакырыктары тынымсыз айтылат. Мигранттардын интеграциясы начар, орус тилин начар билишет деп сындашат. РБКнын маалыматы боюнча, алар Орусияда коопсуздукка коркунуч туудурган этникалык анклавдарды түзүп жатышат.
РБК Борбордук Азиядан келген эмгек мигранттарын ыктыярдуу мобилизациялоону Орусияга ыраазычылык катары билдирүү менен бирге, Кыргызстандын бийлиги Украина тарапта Орусияга каршы согуштук аракеттерге катышканы үчүн өз жарандарын камакка алган окуяны да чагылдырат.
AIF Кыргызстанды Орусия менен байланыштыруу үчүн совет доорундагы негизги майрамдарды активдүү колдонот. Албетте, негизги окуя 9-майда белгиленүүчү Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү. "Өлбөс полк" деген макаласында АИФ өлкөдө уюштурулган бардык иш-чараларды санап чыккан. Бул окуялардын айрымдары Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин көңүлүн буруп, Ички иштер министрлиги «Z» белгиси бар аскердик кийимчен параддарды өткөрүүгө тыюу салганын жарыялады. орус согушу.
Борбордук Азиядан келген эмгек мигранттары тууралуу жаңылыктардын материалдары, эреже катары, терс өңүттө. Борбор Азиядан келген мигранттар көбүнчө кылмыш иштеринин, ар кандай шылуундардын, уурулуктардын, тоноолордун, адам өлтүрүүлөрдүн жана зордуктоолордун катышуучулары катары көрсөтүлөт. Мындай басылмаларды коштогон сүрөттөрдө мигранттардын жумуш формасында жана кир кийимдерин көрүүгө болот. Алар агрессивдүү кылмышкерлер катары сүрөттөлөт, кадрларда алардын мушташып жатканы же укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалганы көрүнүп турат. РБКнын билдирүүсүндө Борбор Азиядан келген эмгек мигранттары да оор физикалык эмгек менен алектенген монолиттүү жана бир тектүү коомдук топ катары көрсөтүлгөн.

Изилдөөнүн катышуучулары маалыматты кайдан алат?
Үч аймакта тең фокус-группалардын катышуучулары маалымат жана жаңылыктардын негизги булагы катары социалдык тармактарды аташкан. Телевидение экинчи орунда турат, кээ бир катышуучулар радио угуп, анда-санда гезит окушат. Учурдагы окуялардан кабардар болууну кааласа, катышуучулар смартфондорун колдонуп, социалдык тармактардан жаңылыктарды алышат.
Бардык курактагы топтор Facebook, Instagram, WhatsApp, TikTok, Telegram жана YouTube'ду жаңылыктарды жана башка маалыматтарды алуу платформалары катары аташкан. Инстаграм бардык аймактарда 18-34 жаштагылар арасында жаңылык жана маалымат булагы катары эң көп айтылган. Facebook - бул 35 жаштан жогоркулар үчүн тандоо платформасы. Айрым катышуучулар социалдык тармактарда жергиликтүү маалымат каражаттарынын, мисалы, Kaktus Media, Kloop, Azattyk, AKIpress, News.kg жана Кабардын жаңылык баракчаларына көз салып турганын түшүндүрүшкөн.
Google сыяктуу издөө системасын катышуучулар инструмент катары эмес, өз алдынча булак катары карашат, анткени адамдар маалымат булактарына көңүл бурушпайт.
Фокус-группалардын жүрүшүндө телекөрсөтүү Кыргызстандын бүткүл аудиториясы үчүн актуалдуу маалымат булагы гана эмес, фактыларды текшерүү куралы катары да кызмат кылаары белгилүү болгон. Кээ бир катышуучулар сыналгыга шексиз ишенерин айтып, интернеттен көргөн жаңылыктардан күмөн санаса, аны текшерүү үчүн сыналгыга кайрыла тургандыктарын түшүндүрүшкөн.
Жаңылыктарды керектөөдө көптөгөн практикалар бар. Нарын менен Оштун бардык курактагы топтору жана Бишкектеги 35 жаштан жогоркулар орусиялык телекөрсөтүүлөрдү, атап айтканда Биринчи каналды жана РТРди көрүшкөн. Үч шаарда тең 18-34 жаштагы бир нече адам Би-Би-Си, DW жана Euronewsту өздөрүнүн маалымат булагы катары атаган. Ош жана Бишкек шаарларында телевизор көрбөгөн катышуучулар болгон, анткени алар бардык маалыматты смартфонунан алышарын айтышкан. Ош жана Нарын шаарларындагы эки жаш курактагы катышуучулар жергиликтүү «Нур», «Супер-Инфо», «Кут билим», «Теңир-Тоо» гезиттерин окушат. Нарындагы «35+» тобу гезиттер интернеттеги жаңылыктардан айырмаланып, ишенимдүү маалыматты жарыялайт деп эсептейт.

Маалыматтарды кайсы тилде алышат?
Бишкектин респонденттери (эки курактагы тең) орус тилинде жаңылыктарды көбүрөөк окушат/көрүшөт жана маалымат алышат. Нарындан жана Оштон келген фокус-группалардын катышуучулары кыргызча же кыргыз жана орус тилдеринде окуп, көрүшөт.
Фокус-группалар смартфондор медиа-контенттин өндүрүүчүлөрү менен керектөөчүлөрүнүн ортосунда ортомчу катары борбордук ролду ойноорун аныкташкан. Бул жагынан алганда, эки аспект маанилүү.

Биринчиден, эгерде ЖМК адамдардын телефонуна түшсө, анда онлайнда болуу жана мазмунду активдүү жайгаштыруу ал медиа аудиторияга жетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Экинчиден, алгоритмдердин ролу бар, алар мурунку издөө кызыкчылыктарынын негизинде белгилүү бир колдонуучу үчүн эң керектүү деп эсептеген жаңылыктарды тандашат. Ошол эле учурда салттуу медиа актуалдуу гана эмес, интернеттеги маалымат булактарына караганда ишенимдүү бойдон калууда.
Пропаганда
Кээ бир катышуучулар пропаганда деген эмне экенин негизги түшүнүгүн жана бул коомдук пикирди калыптандыруу же манипуляциялоо куралы экенин түшүндүрүшкөн. Ошондой эле пропаганданын артында дайыма бир адам же адамдардын тобу турганын белгилешкен.
Бишкектик респондент АКШда арзан жумушчу күчүн тартуу үчүн «Америка кыялы» пропагандасы жүрүп жатканын мисал келтирди. Нарындык катышуучулар пропаганданы шайлоо алдындагы үгүт деп түшүнүшөт. Бардык талкууларда катышуучулардын басымдуу бөлүгү Кыргызстанда чет элдик пропаганданын олуттуу таасири бар деген пикирлерин айтышкан. Айрымдар жергиликтүү жана чет элдик пропаганда бирдей күчтүү экенин белгилешкен. Чет элдик пропаганда көбүнчө ЛГБТ маселелерин жана феминизмди Батыштын пропагандасын билдирет.
Изилдөөө катышкандар, Кыргызстанда Орусиянын пропагандасы бар экенин белгилешкен. Бирок, алардын ичинен Бишкектен бир гана адам муну сынга алган. Ал Орусия Украинадагы согушун актоо жана мыйзамдаштыруу үчүн пропагандага таянарын түшүндүргөн.
Айрым катышуучулар пропаганданы мамлекет үчүн оң жана зарыл көрүнүш катары түшүнүшөт. Сурамжылоого катышкандар Кыргызстанда мамлекет тарабынан патриоттуулукка, улуттук баалуулуктарга, улуттук идеологияга, сергек жашоого, балдарга туура тарбия берүүгө көбүрөөк проапаганда иштерин жүргүзүү керектигин айтып, бул жаатта иштер жүрбөй жатканын сынга алышкан.
Ошол эле учурда айрым катышуучулар пропаганданы ЛГБТ өкүлдөрү менен байланыштырып, Батышты Кыргызстанда тасмалар, мультфильмдер жана жалпы эле оюн-зоок аркылуу «туура эмес жана жат баалуулуктарды» жайылтып жатат деп айыпташкан.

Кыргызстандыктар маалыматты кайдан алат жана ЖМКларды кандай баалайт?
Орусиянын жана анын маалымат каражаттарынын кабыл алуу сурамжылоого катышкандардын жаш курагы жана жашаган жерине жараша айырмаланган. Айрым катышуучулар Орусияны ЖККУ, ЕАЭБ жана Бажы биримдиги аркылуу көрүнө турган коргоочу мамлекет жана стратегиялык өнөктөш деп эсептешет. Изилдөөгө катышкандар Кыргызстан Орусиянын алдында көз каранды болгондуктан алсыз деп эсептеше турганын айтышкан.
Айрым катышуучулар Кыргызстан Орусиянын Украинага каршы согушун колдоду деп эсептешет, бирок ошол эле учурда Орусиянын коргоочу статусунан шек санашат, анткени 2022-жылы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында болгон согуштук аракеттер учурунда Орусия Кыргызстанды колдобой, окуяларды Тажикстандын позициясынан чагылдырган. Чек ара маселеси өлкөнүн түштүгүндөгү элдин жашоосуна түздөн-түз таасирин тийгизгендиктен, Оштогу фокус-топтун катышуучулары Орусиянын тажик-кыргыз чек арасындагы жаңжалдарга жасаган мамилесине нааразычылыгын билдиришкен.
Кээ бир катышуучулар башка альтернатива болбогондуктан орус телеканалдарын бала кезинен эле көрүп көнүп калганын белгилешти. Алар Орусиянын ММКларды өзүнүкү деп эсептешет жана аларды чет өлкөлүк катары кабыл алышпайт.
Катышуучулар ошондой эле россиялык медиа продукциянын жогорку сапатын жана профессионалдуулугун баса белгилешкен.
Оштогу катышуучулар спутниктик же онлайн телекөрсөтүүлөрдү көрүүгө мүмкүнчүлүгү жок аймактарда орусиялык телеканалдар жалгыз мүмкүнчүлүк бойдон калганын белгилешкен. Орус маалымат каражаттарына болгон ишенимдин жогорку деңгээли жаңылыктарды чагылдыруунун масштабы, окуя болгон жерге кабарчыларды жөнөтүү жана эл аралык жаңылыктардын кеңири спектрин чагылдыруу үчүн ресурстардын болушу сыяктуу мүмкүнчүлүктөр менен байланышкан.
Бирок, үч аймакта тең бир нече адам Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттарына ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Алардын ою боюнча, орусиялык жаңылыктар мамлекеттик пропаганда, калп, коркуу саясаты, агрессия жана башка өлкөлөрдүн ички саясатына кийлигишүү менен толгон. Муну Батыш өлкөлөрүндөгү орусиялык маалымат каражаттарынын санкциялары жана бөгөт коюулары тастыктап жатканын кошумчалашкан. Бишкектен катышуучулардын бири улуттук тилдерди жайылтуу саясатын киргизген коңшу Борбор Азия мамлекеттеринен үлгү алып, Кыргызстанда орусиялык телеканалдардын көрсөтүүсүн чектеп, улуттук тилде материалдарды көбүрөөк чыгаруу зарыл деп эсептеген.
Согуш тууралуу маалымат негизинен украиналык булактардын Кыргызстанда жоктугунан улам орусиялык ММКлардан келе турганын айткан катышуучулар, айрым украиналык маалымат каражаттарына көз салып тургандыктарын айтып, бирок конкреттүү булактарды атай алышкан эмес.
Нарындагы жана Оштогу фокус-группалардын жүрүшүндө катышуучулар Кыргызстан Орусияга экономикалык жана саясий көз карандылыктан улам Украина менен болгон согушта Орусияны колдоого аргасыз болуп жатканын бир нече жолу айтышкан. Оштогу катышуучулардын бири Орусиядагы кыргызстандык эмгек мигранттары кыргыз бийлигинин рычагдары болуп саналат жана Казакстан менен Өзбекстандан айырмаланып, Кыргызстанда согушту ачык айыптоого саясий эрк жана каражат жетишпейт деп эсептеген.
Ошол эле маалда европалык ЖМКлар адам укуктары, эркиндик жана демократия жаатындагы туура баалуулуктарды алып жүрөрүн, алар универсалдуу болгону менен чоочун катары көрсөтүлүп, кабыл алынганын белгилеген катышуучулар да болгон. Айрымдар журналисттердин ишинин жогорку сапатын жана европалык ЖМКлардын техникалык жабдылышын белгилеп, кыргызстандык медиа адистери европалык кесиптештерден үлгү алышы керек деп эсептешкен.
Кыргыз ЖМКларын кабыл алуу жөнүндө сөз болгондо катышуучулар алардын сапатын жана ишенимдүүлүгүн ар кандай баалаган. Ошондой эле алар жарыяланган материалдардын сапаты төмөн экенин белгилешкен.
Алардын пикири боюнча, жергиликтүү ЖМКлар көбүнчө чет элдик булактардан алынган жаңылыктарды же социалдык тармактардагы катардагы колдонуучулардын постторун которуп, кайра басып чыгарышат, кыргыз же орус тилдеринде эксклюзивдүү аналитикалык материалдарды сейрек чыгарышат. Ата мекендик маалымат каражаттарынын негизги көйгөйү катары кыргыз тилиндеги маалыматтык-көңүл ачуучу контенттин жоктугу аталган.
Оштогу катышуучу кыргыз ЖМКлары менен телеканалдары орусиялык телеберүүлөрдүн баарын жөн эле көчүрүп алып, анан дагы мамлекеттик колдоо болбогондуктан өнүгүүсү жана масштабы боюнча артта калып жатат деп эсептеген.
Изилдөөгө катышкандар, атамекендик ЖМКда терс маалыматтар, сенсация, жада калса туура эмес маалыматтар көп болуп жатканына тынчсыздануусун билдиришкен. Алар кыргыз медиасын ишенимсиз жана күчтүү адамдардын колундагы саясий курал катары баалашкан.
Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу Кыргызстанга жана анын жарандарына коркунуч катары айтылган. Коррупцияга каршы активдүүлүк жана журналисттик иликтөөлөр бийликтегилердин авторитетине шек келтиргенин, мындан улам кысым көрсөтүү күчөгөнүн белгилешкен. Бишкектеги 18-34 топтун мүчөлөрү Кыргызстанда журналисттер басымга кабылып жатканын айтышкан.
Блогерлердин жана салттуу медиа журналисттеринин ролун талкуулоо фокус-топтун катышуучуларынын арасында карама-каршылыктарды жараткан. Айрымдары блоггерлерди массалык маалымат каражаттары катары баалашса, башкалары мындай макамга профессионал журналисттер гана ээ боло алат деп эсептеген. Катышуучулар блоггерлердин мобилдүүлүгүн жана маалыматты тез жеткирүү жөндөмдүүлүгүн эске алуу менен алардын ЖМКдагы ролу өсүп жатканын белгилешкен.
Акча блоггерлер үчүн да, кесипкөй журналисттер үчүн да маанилүү фактор катары айтылган. Блогерлерди журналист катары кабыл албагандар бул көз карашты блоггерлер конкреттүү окуяларды чагылдырганы үчүн акча алышат деп түшүндүрүшкөн. Ошол эле маалда кесипкөй журналисттерге каржылык көз карандылык себеп болгондуктан окуяларды бир жактуу чагылдырышат деп айыпташкан.
Оштогу катышуучулар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара жаңжалында массалык маалымат каражаттарын, анын ичинде «Азаттыктын» жергиликтүү кызматын (алар ата-мекендик маалымат каражаттары деп эсептешет) адекваттуу иш алып барбагандыгы үчүн сынга алышкан. Алардын пикири боюнча, блоггерлер жана жарандык активисттер материалдарды чагылдырууда жана которууда чоң эмгек кылышкан. Тажикстанга каршы маалыматтык согушта жеңишке жетишүүгө мүмкүндүк берген блоггерлердин басылмаларынын ыкчамдыгын жогору баалашкан.
Ошол эле маалда цензура маселеси, ал Кыргызстанга керекпи же жокпу деген да талкуу жараткан. Оштогу маалымат согушунда блоггерлердин ролу мактанганына карабай, Нарындагы айрым катышуучулар блоггерлер туура эмес маалыматтарды таратпоо үчүн цензура керек деп эсептешет. Алар улуттук коопсуздук үчүн фейк жаңылыктар менен күрөшүү боюнча мыйзам кабыл алууну талап кылышты. Бишкектеги жыйындын катышуучулары цензура ансыз деле оор болгон сөз эркиндиги жана журналисттерге кысым көрсөтүү боюнча кырдаалды ого бетер курчутарын белгилешип, сын макалалары үчүн өлкөдөн куулган Болот Темировду мисал келтиришкен.
Мындай пикир келишпестиктерге карабастан, бардык аймактардагы катышуучулар тарабынан ММКга басым, сөз эркиндигин чектөө жана журналисттерди куугунтуктоо негизги көйгөйлөрдүн бири катары аталган.
Эл маалымат каражаттарына мамлекет тарабынан каржылык колдоо көрсөтүлбөй, квалификациялуу адистердин жетишсиздиги да олуттуу көйгөй деп эсептейт. Бишкекке келген бир нече катышуучулар кыргыз тилинде көбүрөөк маалымат, жаңылыктар жана аналитика, иликтөөлөрдү алууну каалашарын белгилешкен. Президент, Жогорку Кеңеш, Акыйкатчы, Маданият министрлигинен турган мамлекет маалымат каражаттарынын көйгөйлөрүн чечиши керек деп эсептешкен.
Жыйынтыгында Кыргызстандагы жергиликтүү маалымат каражаттары калктын алдында алардын ишенимине терс таасирин тийгизген бир катар көйгөйлөргө туш болуп жатканы айтылган. Ресурстардын жетишсиздиги, сапаттын төмөндүгү, журналисттердин профессионалдуулугунун төмөндүгү жана көчүрмө аракеттери медианын негизги көйгөйлөрү катары аталса да, айтылган кооптонуулардын айрымдары чындыгында мамлекетке байланыштуу. Дал ушул бийликтегилер массалык маалымат каражаттарына, айрым журналисттерге басым жасап, же алардын лоялдуулугун сатып алып, же күч менен издеп жатышат.

Изилдөөнүн жыйынтыгы менен эмне кылуу керек? 7 сунуш
- Орус пропагандасы баянын Украина (башаламандык), Батыш (жаман), Орусия (ыйык) жана Кыргызстан (көз каранды) тууралуу төрт негизги билдирүүгө бөлүүгө болот. Биринчиден, Украина бир жагынан эч кандай негизи жок жасалма мамлекет катары көрсөтүлсө, экинчи жагынан Батыш колдогон нацисттер башкарып, талкалап жаткан Орусиянын ажырагыс бөлүгү катары көрсөтүлөт. Орусиялык жаңылыктарды керектөөчү Украина өлкө катары баш аламандыкта деп ойлошу мүмкүн.
- Экинчиден, Орусиянын Батышка карата пропагандасы Украина жөнүндөгү баяндардан айырмаланып турат. Орус пропагандасы Америка Кошмо Штаттарынын жетекчилиги астында башка мамлекеттердин иштерине өзүмчүл ниеттен кийлигишип, бүткүл дүйнөдөгү көйгөйлөрдү козгоп жаткан «жамааттык батыштын» душманынын кеңири образын жаратууда. Украинадагы атайын аскердик операцияны актоого келгенде, орус пропагандасы Орусия жөн эле Батыш дайыма жасап келген нерсени жасап жатат деп ырастоодо
Ата мекендик маалымат каражаттарынын репутациясын калыбына келтирип, элдин аларга болгон кызыгуусун ойготуу үчүн кыргыз жана орус тилдериндеги жакшыраак контент керек. Бул үчүн донорлор жергиликтүү контентти өндүрүүчүлөргө инвестиция салып, өлкөдө эл аралык жаңылыктарды кыргыз тилинде да, орус тилинде да сапаттуу көрсөтүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоосу зарыл. - Кыргызстандагы орусиялык эмес тышкы ММКлар орус жаңылыктары менен атаандаша албашы мүмкүн болгон жаңы форматтарды карашы мүмкүн. Алардын репертуары, форматтары россиялык маалымат каражаттарынан айырмаланышы керек. Адамдардын Euronews, BBC же DW менен эмоционалдык байланышы жок болгондуктан, бул медиа көңүл ачуу жана жаңылык журналистикасынын айкалышына көбүрөөк көңүл бура алат.
- Барган сайын кыргызстандыктар интернет аркылуу жаңылыктарды алып жатышат, мейли интернет гезиттер болобу, же социалдык түйүндөр болобу. Бул теңдеменин ачкычы – бул ылайыктуу жаңылыктарды гана тандап алган алгоритмдер, ал "тиешелүү эмес" маалыматты чыпкалап, маалыматтык көбүк эффектин жаратат, анда адамдардын калыптанган көз караштары талашсыз, ал тургай дайыма тастыкталат.
- Кыргызстандык журналисттер, жарандык коом жана эл аралык донорлор Кыргызстанда санариптик жана медиа сабаттуулукту жогорулатуу үчүн дагы эле биргелешип иштеши керек. Интернеттин жайылуусу өсүп, адамдар смартфондорго мүмкүнчүлүк алган сайын, санариптештирүү жалпысынан алардын күнүмдүк жашоосуна кандай таасир этерин түшүнбөстүк, атап айтканда, жалган маалымат адамдарды аялуу абалга алып келиши мүмкүн.
Медиасабаттуулук боюнча иштеп жаткан демилгелер жана долбоорлор күчөтүлгөн жана узак мөөнөттүү колдоого муктаж, анткени алар азыркы жана улуу муундарга санариптик инструменттер жана маалымат булактары жөнүндө туура тандоо жасоодо маанилүү роль ойнойт. - Узак мөөнөттүү келечекте кыргыздар (жана борбор азиялыктар) европалыктарды (америкалыктарды ж.б.) "өздөрүнүн" жаңылыктарына кызыгышы үчүн алар менен таанышышы керек. Буга билим берүүнү жана окутууну, социалдык жана маданий алмашууну узак мөөнөттүү колдоо аркылуу гана жетишүүгө болот. Адамдар Европага барганда, алардын балдары Улуу Британияда окуганда, бул өлкөлөргө түшүнүү жана кызыгуу пайда болот. Бул элди Орусияга көз чаптырбоо жөнүндө эмес, Европа өзүнүн (ар түрдүү) окуясын айтып жатканы жөнүндө. Учурдагы демилгелер жетиштүү элге жетпейт жана өтө кыска мөөнөттүү, бышып жетилип, туруктуу кызматташтык тармактарын түзө албайт. Брюссел, Лондон жана башка европалык борборлор Борбордук Азиянын элдери менен узак мөөнөттүү алмашуу программаларын өнүктүрүүгө көбүрөөк көңүл буруулары керек.
- Европалыктар Борбордук Азиядагы медиа керектөө, коомдук пикир жана анын жергиликтүү жана чет элдик аткаруучулар тарабынан кандайча калыптанышы тууралуу өтө аз билишет. Кыргызстандагы бул изилдөөнүн жыйынтыгында бизге Кыргызстанды жана биз бирге туш болгон кыйынчылыктарды жакшыраак түшүнүүгө жардам берген көптөгөн маалыматтар пайда болду. Кыргызстанда кошумча изилдөөлөр жана башка жерлерде дагы ушул сыяктуу демилгелер Борбордук Азия өлкөлөрү Европага Борбор Азиядагы коомдор кандай өнүгүп жатканын түшүнүүгө жардам берет. Бул абдан маанилүү, анткени чөлкөм Россиянын туруксуздугу жана өсүп жаткан Кытайдын таасири менен чырмалышкан өзүнүн мамлекеттик курулушунун өнүгүшүнүн натыйжасында тез өзгөрүүдө.
Изилдөөнүн жыйынтыгында, Кыргызстандагы орус пропагандасы элге абдан чоң таасирин тийгизгени аныкталган. Кеңири маалымат каражаттары аркылуу Орусия Кыргызстан менен болгон узак мөөнөттүү байланыштарын колдонуу менен өзүнүн күчтүү жактарын көрсөтө алат. Орусия жеткирип жаткан пропагандада Украина башаламан, Орусия күчтүү, Батыш жаман, Кыргызстан көз каранды деп сүрөттөлөт. Кыргызстандыктар россиялык маалымат каражаттары менен чоңойгондуктан жана альтернатива аз болгондуктан, аларды жакшы кабыл алышат. Бул багытты өзгөртүү Кыргызстандын өзүнөн көз каранды, бирок буга донорлор да жардам бере алат. Кандай болгон күндө да бул убакытты талап кылат