
Бишкектин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан шайлоого катышууга бир талапкерден арыз келип түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ 31-мартта БШКга Эркин Булекбаев аттуу жарандан (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде)арыз келип түшкөн.
Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңеш депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо ушул жылдын 28-майында өтөт.
Талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде аяктайт.
Эске салсак, 27-мартта бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча шайланган депутат Жаныбек Абиров өз арызы менен мандатын тапшырган.
Ага чейин эл өкүлүнүн ресторандардын биринде белгисиз жаранды ур-токмокко алган видеосу тарап, сынга кабылган. Бул окуядан кийин башкы прокурор Курманкул Зулушев эл өкүлүн кылмыш жообуна тартуу үчүн Жогорку Кеңештин макулдугун сураган. Себеби, Абиров депутаттык кол тийбестикке ээ жана аны жоопко тартуу үчүн парламенттин макулдугу керек эле.
15-мартта Жогорку Кеңеште Абировдун иши боюнча комиссия түзүлгөн. Алардын чечими 10-30 күн ичинде чыкмак.
Буга чейин мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого абактагы саясатчы Равшан Жээнбеков да катыша турганын билдирген.
Оставьте первый комментарий