Оштогу Капитал банк жайгашкан имарат сүрдүрүлөбү? Видео

Ош шаарынын Монуев көчөсү менен Масалиев проспектисинин кесилишинде орун алган Капитал банктын имараты мыйзамсыз салынган. Курулуш жүргүзүү үчүн эч кандай уруксат кагаздары алынган эмес. Ош шаардык мэриясы эмне себептен мыйзамсыз салынган имаратты бузбай жатат? Имарат боюнча тийиштүү кызматтар эмне дейт?

Банк жайгашкан жер Ош мэриясынын балансында. Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын маалыматы боюнча ал жерге курулуш куруу боюнча эч кандай документ берилген эмес. Учурда Бокоева атуу жаран ээлик кылат.

«Ал банктын курулушуна болгон эч кандай документтер чыккан жок. Демек мыйзамсыз курулган», — дейт Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетектөөчү адиси Мирлан Өмүралиев.

Ал эми, Ош шаардык архитектуралык курулушту көзөмөлдөө башкармалыгы «Уруксаты жок болсо, чараларды көрөбүз, айып пул салынат жана сотко кайрылабыз» дейт.

Капитал Банктын имараты качан курулганын Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы билбейт. Ал муниципалдык жерге имарат куруп алган жарандан 3,5 млн сомго жакын ижара акы төлөтүлгөнүн билдирди. Башка айып пул салынган эмес. 

 Ош шаардык прокуратура жергиликтүү бийликке имаратты сүрдүрүү боюнча сунуш кат берди. Мыйзам бузуу бар экенин курулган  жылдан бери билип эле келген муниципалдык менчик башкармалык, эми гана прокуратуранын сунушунан кийин, Бокоева аттуу жаранга имаратты бошотуу боюнча кат жолдогон. Деген менен жетекчи Канышай Имарова  ижара акыдан түшкөн каражат казынага келип жатканын айтып, келишимди бузуудан карманып жатабыз дейт. 

«Бизге ижара акы берип турганы пайдалуурак. Аны бошоткон күндөн тарта ижара акы токтойт дагы бюджетке дагы зыянын тиет. Ал жер бошогондо деле, башка жаран сурайт,ишке киргенче кандайдыр бир сумма бюджетке түшпөйт. Эми аталган жерге эскертүү берилет, эгер өздөрү бузбаса сотко кайрылабыз», — деди Ош шаардык мунципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Канышай Имарова.

30-мартта болуп өткөн шаардык кеңешинин  сессиясында депутаттар мыйзамсыз курулуштар боюнча бир канча сындарды айтышкан. Эл өкүлү Болот Баетов мыйзамсыз курулушту салууга жол берген тийиштүү адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керектигин белгилейт. 

«Ал жер өз билемдик менен курулган, демек буга чара көрүлүшү керек. Соцобъектин жери болгондон кийин сөсүз бошотулушу керек. Ошол нерсеге жол берген жетекчилерге тартиптик жаза же кылмыш иши козголушу керек деп эсептейм», — дейт Ош шаардык кеңешинин депутаты Болот Баетов.

Банк учурда имартты ижарага иштетет. Жалпы аянты 324 чарчы метрди түзөт. Жерди мыйзамсыз ээледи деген Бокоева аттуу жаранга байланышууга аракет кылдык. Бирок таба алган жокпуз.

Автор Т-медиа 11888 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*