Ракка кабылгандардын басымдуусун кайсы курактагылар түзүүдө? Тесттен өтүңүз

Сүрөт: www.shutterstock.com

Кыргызстанда акыркы беш жылда канча адам ракка кабылган? Алардын көпчүлүгүн кайсы жаш курактагылар түзүүдө? Рак кандай илдет жана кантип алдын алса болот? 

Биздин редакция расмий сандардын негизинде анализ жасап, дата-тест даярдады. Суроолорго жооп берип, дарыгерлердин кеңештерин окуңуз.

Аялдар көкүрөк рагын кантип алдын алса болот?

Ош облустар аралык онкология борборунун жетекчисинин орун басары Дениз Касымов аялдарда көкүрөк рагынын көбөйүү себеби тууралуу буларга токтолду.

«Бейтаптар бизге дарты өтүшүп кеткенде келүүдө. Мисалы, көкүрөк рагынын 1-2 стадиясында эч кандай белги болбойт. Бейтапты текшергенде эмчекте өсмө болот. Аны алдын-ала даарылаш керек. Антпесе өсмө бара-бара чоңоюп, эмчектин үрпү тартылат дагы, көкүрөктүн формасы бузулат. Бири чоң, экинчиси кичине болуп баштайт. Шишик бар эмчек бүрүшүп калат. Бул — көкүрөк рагынын үчүнчү жана төртүнчү стадиясы. Бардык илдетти баштапкы стадиясында айыктырса болот. Ал үчүн ар бир аял өзүнүн ден-соолугуна кам көрүп, жылына жок дегенде бир жолу гинекологго көрүнүп, маммографиядан өтүп туруш керек» . 

Ал эми эркектердин ашказан рагын алдын алуу үчүн төмөнкү профилактикалары сунуштады.

  • Туура тамактанып, сергек жашоо образын түзүш керек. Мисалы, биз жеген тамакты башка улут жей албайт. Себеби алардын ашказаны аш кыла албай калышы мүмкүн. А башка улуттун тамагын биз жей албайбыз. Кээ бир адамдардын ашказанынын өзүнчө көнгөн режими бар.
  • Ашказан жарасын, гастрит ооруларын дарылоо керек. Текшерүү учурунда кызыл өңгөчтө сөөлгө окшогон өсмөлөр болуп калышы мүмкүн. Ошолорду алдын-ала даарылап же күйгүздүрүп салган оң. Бул процесс ракты алдын-ала дарылоо болуп саналат. Анткени сөөл ашказан рагынын баштапкы белгиси болуп калышы мүмкүн. Аны алып салбасак ыссык-суукка уруна берип, түзүлүшү бузулат. Мына ошондон туура эмес клеткалар пайда болот дагы, рак клеткаларынын түзүлүшүнө себеп болот. 

«Кайдыгерлик күч»

Калктын аярлуу катмарын өнүктүрүү жана колдоо фондунун жетекчиси Зейнеп Эшмуратова бейтаптар илдет өтүшүп кеткенде гана ооруканага кайрылышын эки себеп менен түшүндүрүүдө. Биринчиси — социалдык, экономикалык фактор. Анткени диагноз тапшырууга баарында эле каражат табыла бербейт. Экинчи себеби  — кайдыгерлик. 

«Анализ тапшырылчу мамлекеттик мекемелерде алардын баалары так жазылбайт. «Кайсы оорулар үчүн кандай анализдерди зарыл тапшырыш керек?» деген сыяктуу такталган маалымат элге жетпейт. Онкологиялык ооруулар жөнүндө мамлекеттик деңгээлде стереотип көп дагы, алдын алуучу иш-чаралар аз. Мисалы үчүн, анализдердин баасы да карапайым эл үчүн жеткиликтүү эмес. Көпчүлүк дарыгерлер УЗИ же башка диагностикалык аппараттарга түшүү үчүн жеке клиникаларга жолдомо берип коюшат. Азыр кымбатчылык каптап турган учурда, маянасы же мамлекеттен гарантияланган акчасы биринчи тамак-ашына, үйдөгү зарыл болгон тиричилик керектөөлөрүн гана жабууда. А дарыланууга ашпай жатат. Дагы бир себеби — кайдыгерлик. Калк арасында ден соолугун карабай койгон учурлар көп кездешет. Ошондуктан профилактикалык иштерди жүргүзүп, айылдарда квартал сайын көчмө текшерүүлөр болсо, тезирээк аныктоо системасы болмок деп ойлойм».

Материалдын авторлору: Айдай Беделбек кызы, Жылдыз Орозматова, Аймээрим Дарбанбек кызы.

Бул Кыргыз Республикасында USAIDдин колдоосу менен ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюс «Медиа-К» долбоорунун дата-журналистика программасынын стипендиаттары тарабынан түзүлдү. Программанын ментору — Савия Хасанова. Материалдагы ой-пикирлер жана тыянактар сөзсүз эле Интерньюстун жана анын өнөктөштөрүнүн көз-карашын чагылдырбайт.

Автор Т-медиа 11888 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*