
Президент Садыр Жапаров эки жарым жылда коррупциялык, мыйзамсыз иштерге айыпталгандардын каражаттары түздөн-түз мамлекеттин казынасына түшүп жаткандыгын билдирди. Жалпысынан Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ баарын бириктиргенде 10 миллиард сомдон ашык каражат чогулганын «Кабар» агенттигине курган маегинде айтты.
«Кимде ким кызыккан болсо, комиссия түзүп барып текшерип көрүшсүн. Кимден, канча акча төгүлгөн жана кайсыл күнү казынага барып түшкөн, баары ачык. Жашыра турган эч нерсе жок. Муну ачык жарыялап койсок деле болмок. Бирок алардын көпчүлүгүнүн «ачыкка чыгарбасаңар» деген суранычы бар. Ошол үчүн аты-жөндөрүн чыгара албайбыз. Эгер саясатчыбы, журналисттерден же депутаттардан болобу кимде ким кызыкса, кайрылсын», — деди Садыр Жапаров.
Мындан тышкары, президент «Аю» компаниясын спирт заводу менен арак заводу мыйзам чегинде конфискация болуп, мамлекетке өткөнүн кошумчалады. Мындан ары аны мамлекет чыгарат.
«Мурдагыдай эле миллиондогон салыктарды төкпөй, акцизди жасалма кылып, 12 миң даана жасалма акциз менен кармалды. Аткезчилик менен спирт чыгарып, 275 тонна спирт менен кармалды. Баасы 40 миллион сомдон ашык болот», — деди.
Ошондой эле, коррупцияга айыпталып, бирок үй камагында жүргөндөр тууралуу да суроого жооп берген. Алар үй камагында жүрсө да акталбаганын, сот уланып жатканын айтты.
Оставьте первый комментарий