
Милиция Ирландиянын жаранынын жоголгон акча каражаты менен буюмдарын таап берди. Ош ШИИБне Джонесс Попж 2-майда арыз жазган.
Ал арызында Ош шаарынын аймагында троллейбуста өзүнүн баштыгын унутуп түшүп кеткендигин билдирип, аны таап берүүгө көмөк көрсөтүүнү суранган. Баштыкта жылуу кийими, ири суммадагы сом, евро, доллар, тенге жана юань акчалары, эки паспорт, айдоочулук күбөлүгү банк карталары болгон.
Милиция 4-майда жоголгон баштыкты тап, ээсине кайтарган. Джонесс Попж өз бумдарын карап көрүп, баары жайында экендигин, буюмдары, акчалары толугу менен бар экендигин айткан.
Оставьте первый комментарий