Былтыр Кыргызстанда балык өндүрүү 2 эсе өскөн

Кыргызстанда былтыр 20 729 тонна товардык балык өндүрүлдү. Бул 2021-жылга салыштырмалуу эки эсе көп. 

Балык чарба департаментинин маалыматы боюнча 2021-жылы 10 344 тонна балык өндүрүлгөн. Анын 5 183 тоннасы экспорттолгон. Былтыр 6 871 тонна чет өлкөгө чыгарылды.

Быйыл Орусиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы Кыргызстандын ветеринардык кызматына Орусияга жөнөтүлгөн форель жана форель икрасында тыюу салынган жана зыяндуу заттардын нормадан ашып кетип жатканын билдирип,  балык чарбачылыгы менен алектенген компанияларды текшерүүнү сураган.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1488 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*